Негизи ыраматылык Салижан Жигитовдун даанышмандык менен айткан сөзү алигүнчө популярдуулугун жоготпой келет. “Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде, кыргыз артын эмес алдын карай өнүгүшү керек эле”-, деп айтканы баарынын эсинде.
Жогорку Кеңештин профилдик комитети Азимбек Бекназаровдун Малайзиянын элчилигине талапкерлигин карайт. Же Азимбек Анаркуловичтин курултай чакырып айлаңды кетирем деп коркуткан “эски ыкмасы” азыркы бийликтин шайын оодарганбы? Же чын эле азыр Азиянын алдыңкы өлкөсү болгон Малайзияга татыктуу жаш тил билген, иш билген кадрлар Кыргызстан боюнча түгөнүп калганбы? Же дагы бир себеби Кыргызстан потенциалдуу жаш кадрлардын өлкөсү деген абройлуу эл аралык уюмдар калп айтышканбы? Айтор башың маң. Айтылуу Сталиндин “Кадрлар баарын чечет” деген сөзү жокко чыгып, азыр кадырын салгандар баарын чечет деген учкул сөзгө таянып калабызбы?
Булак: Факт.кж