Домой Коом Ажырашып кеткен күйөөсүнө ачууланган келин 1 жаштагы кызын муунтуп сабаган

Ажырашып кеткен күйөөсүнө ачууланган келин 1 жаштагы кызын муунтуп сабаган

334

Жалал-Абадда аял бир жашка толо элек кызын жолдошуна ачуулангандыктан сабап салган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинен билдиришти.

Видеотасма интернет желелерине тарады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын 1991-жылы туулган Х.Н. тургуну ажырашып кеткен күйөөсү – Өзбекстан Республикасынын 1992-жылы туулган жараны О.А. менен телефон аркылуу урушуп кеткен. Ошол учурда Х.Н.нын 2019-жылы туулган кызы ыйлап, тынчын ала бергендиктен, ачууланып: «Сенин атаң сага карашканы акча салбайт, мен сен үчүн тилемчи болуп бүттүмбү?» – деп кийимин алмаштырып жатып тилдеп, чаап, тамагынан кармап бууп, РФда жашаган атасына  WhatsApр социалдык тармагы аркылуу видеого тартып жиберип салган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБинин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 143-беренеси (Кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жана тергөө иштери жүрүп жатат.