Домой Коом Ажы тойдон коронавирус жугузган. Боронов медиктерден кечирим сурады

Ажы тойдон коронавирус жугузган. Боронов медиктерден кечирим сурады

64

“Медицина кызматкерлеринин оорусу боюнча айткан сөзүм соцтармактын жана кээ бир саясатчылардын көңүлүн бурган маселе болду. Менин кебимди кайсы бир кызматкер өзүнө алып алган. Мен анда бирөөнүн аты-жөнүн атаган эмесмин. Негизги максат медицина кызматкерлерге чара колдонуп, оорусун ашкерелөө болгон эмес. Ушуга окшогон маселелерге чалдыкпай, иштерин так аткарып жүрсө деген ой болчу. Мен жалпы медицина кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сурайм. Эгерде ошол маалымат аброюңуздарга шек келтирүү катары кабыл алынса, туура түшүнүңүздөр. Медиктерди ар дайым колдоп, жардам көрсөтөбүз. Штабдын жетекчиси катары алардын ишин өз көзүм менен көрүп жатам. Ошондуктан эгер туура эмес кабыл алсаңыздар, дагы бир жолу кечирим сурайм”, — деди Боронов.

Эске салсак, буга чейин Боронов брифинг учурунда “Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгери коронавирусту Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген кошунасынын үйүнө баргандан кийин жуктуруп алганы белгилүү болду”, — деп билдирген. Бирок анын аты-жөнүн ачыктаган эмес.

Кийин ал жакта иштеген дарыгерлер ызаланып, алар обсервацияда жаткандарды текшерүү учурунда жуктуруп алышканын айтып чыгышкан.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 419га жетти. Анын ичинен 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Булак: Спутник