Домой Криминал «Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Саймаитини атып кетишти

«Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Саймаитини атып кетишти

144

«Азаттыктын» «Кыргызстандын чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат кызматтары кабар таратышты. Окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан.

Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Стамбул шаардык прокуратурасы Айэркен Саймаитиге куралдуу кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, окуя болгон жерде изилдөө жүргүзүлүүдө.

Булак: Азаттык