Чек ара маселесинин чечилип жатышы узак убакттын бери эки тараптуу кызматташууга жол бербеген тоскоолдукту алып салып, эки өлкөнүн экономикасы үчүн позитивдүү таасирин тийгизет. Мындай пикирин саясат таануучу Азамат Темиркулов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарына комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки өлкөнүн мамилесинин позитивдүү алдыга жылышына алып келди. “Чек ара маселеси чечиле баштады. Экинчиден Камбар-Ата. Көп жылдардан бери бул маселеге Өзбекстан каршы чыгып, анын курулушуна тоскоол болуп келген. Эми алар позициясын өзгөртүп, аталган долбоорду биргелешип курууга кызыкдар болууда. Муну менен биздин Өзбекстан менен мамилебиз 180 градуска өзгөрдү”, — дейт Темиркулов.
Саясат таануучунун айтымында, акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташтык жанданып, олуттуу маселелерди чечүү алдыга жылууда. Муну менен Борбор Азиялык биримдикти түзүү идеясы жаралып жатканын айтат. “Менин оюмча Борбор Азияда өзүнчө биримдик түзүү эң актуалдуу маселе. Аймакта жайгашкан мамлекеттер акырындык менен кызматташтыкты бекемдөөдө. Келечекте бул дагы да бекемделет. Бизде экономикалык, соода алака боюнча эч кандай долбоор болгон эмес. Эми маанилүү болгон чек ара маселелери чечилсе, экономикалык кызматташтык да арта баштайт. Эгер Камбар-Ата сыяктуу долбоорлорду чогулуп ишке ашыра турган болсок жаркын келечекке жол ачылат”, — дейт саясат таануучу.
does viagra work when drunk. Азамат Темиркулов буга чейин чек араны тактоо чоң маселе катары калып келгенин, Өзбекстанда жетекчилик алмашкандан кийин бул маселе алдыга жылганын белгиледи. “Өзбекстанда кардиналдуу өзгөрүүлөр жүрүп жатат жана аны менен Кыргызстандын аталган мамлекет менен болгон мамилеси да кескин жакшырууда. Буга чейин деле биздин жетекчилик ушундай сунуштар менен чыгып келген. Бирок, Өзбекстандын жетекчилиги кызматташууну каалаган эмес. Эми аларда бийлик алмашып, жаңы президент келип, ал ачык саясат жүргүзүп, анын натыйжасында мамиле жакшырды”, — дейт А.Темиркулов.