Домой Аналитика Азамат Дыйканбаев 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камалды

Азамат Дыйканбаев 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камалды

29

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев 2 айга камалды. Бул тууралуу чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Маалыматка ылайык, Дыйканбаев УКМКнын СИЗОсунда 20-июлга чейин кармалат.

Эске салсак, 20-май күнү Дыйканбаев ири өлчөмдө чет элдик ишканадан пара талап кылуу фактысы менен кармалган.