Домой Коом Аялын кордогон эркектин өздүгү такталды

Аялын кордогон эркектин өздүгү такталды

11165
Социалдык тармактарга аялынын моюнунан дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Ал видео боюнча ИИМ ыкчам мааылмат таратты.

Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. үйүндө 1973-ж.т. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБне арызданган.

Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси Үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. кече 11-июнда 18:00 чамаларда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.