Домой Коом Аялдарга гүл берели, бирок казынаны какшытпайлы

Аялдарга гүл берели, бирок казынаны какшытпайлы

257

Гүлдесте

8-март аялзатынын майрамына карата кээ бир мамлекеттик мекемелер тендер жарыялашкандыгы маалым болду. Каражатты каалагандай калчаган Каржы министрлиги 300 миң сомду айымдарга белек алууга жумшаса, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы гүл сатып алууга 10 миң сом бөлгөн. Баарынан да кыргыз чекисттеринин жоругу (УКМК) кызык болду. Алар мамлекет коопсуздугуна арналган акчадан аянбай туруп  (ансыз да аялдар аз иштейт эмеспи)  бир топ чоң акчаны садага чабышыптыр. Өкмөт башчы Темикебиз өкүрүп-бакырып өткөн жылы жаңы жылдык корпоративдерге короп келген миллиондорду кыскартты эле. Эми аялдарга келгенде, казына аздан болсо да какшый берсе мейлиби, ашыкча романтик болгусу келгендер мамлекеттин эмес, өз чөнтөктөрүнөн каалагандай романтик боло беришсе, эч ким “лам” дебейт.