28-майда Бишкектеги «Автомаш-Радиатор» ишканасынын М4 жана М9 радиаторун чыгарган бөлүгүндө иштеген сегиз адамдан коронавирус табылды. Компаниянын аталган аймагында иштеген 38 кызматкердин баары тең 14 күнгө карантинге кетти.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, шаардын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев ишкананын бир бөлүгүн эки жумага карантинге жапты. Кызматкерлер болсо тесттен өтүп жатат.
Мэрия атайын техника саткан зал өзүнчө иштей турганын жана тобокелдик тобуна кирген 60 жаштан жогору курактагы кызматкерлер аралыктан иштеп жатышканын билдирди.
«Автомаш-Радиатор» компаниясы автоунаа куруу боюнча Кыргызстандагы ири ишканалардын бири. Ишканада ЕАЭБге кеткен айыл чарба техникалары чогултулат.