Домой Коом Автандил Жоробековго карата козголгон кылмыш иши толугу менен жабылды

Автандил Жоробековго карата козголгон кылмыш иши толугу менен жабылды

81

«БеспределKG» фейсбук баракчасынын администратору Автандил Жоробековго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Автандил Жоробеков өзү фейсбук баракчасынан билдирди:

“Урматтуу, тарапташтар!

Расмий кат келиптир. Мага карата козголгон кылмыш иш жабылды.

Бул кылмыш иши силердин колдооңөр болбогондо такыр башка нукка бурулуп кетээри анык эле. Эмнеге мен мындай айтып жатам ? Мен айтпай эле койоюн мага биринчи күндөрү абакта отурганда кандай гана кысымдар болгонун. 4-5 күндөн кийин гана коомдо жана соцтармактарда чоң нааразычылык жаралганда мага болгон мамиле өзгөрдү.

Сөз эркиндиги боюнча айтсам. Сөз эркиндигин Конституцияда гана каралган эмес. Сөз эркиндиги ар бир адамга кудайдан берилген. Сөз эргиндиги ар бир адамга өзүн коргоосун, ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшсүн деп берилген. Бул cөз эркиндик баалуулугубузду эч ким бизден тартып ала албайт.

Менин азыр эң чоң байлыгым бул силердин ишенимиңер. Бул ишеним менен мен, өзүн жерде пайгамбар же кудайга теңеп, элди коркутуу, үркүтүү менен башкарам дегендер менен күрөшөм. Алардын акчасы бир күнү түгөнөт, а биздин ишеним Кыргызстандын жаркын келечегине эч качан өчпөйт.

Ишти баштадык.

Рахмат !”

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=10222803559985544&set=a.10201195964129152&type=3&theater