Домой Дүйнөдө Австралиядагы өрттө бир миллиарддан ашык жан-жаныбар кырылды

Австралиядагы өрттө бир миллиарддан ашык жан-жаныбар кырылды

66

Австралияда былтыр октябрь айында башталган, өлкө тарыхындагы эң кесепеттүү өрттө беш миллион гектардай токой күйүп кетти жана кеминде 24 адам ажал тапты. Виктория менен Жаңы Түштүк Уэлс штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Айрым райондордо түтүн өтө коюу болгондуктан өрттү абадан өчүрүү мүмкүн болбой жатат. Өрт өчүрүүгө үч миңдей аскер тартылган.

Австралиянын бийлиги өрткө кабылган токойлорду калыбына келтирүүгө 1,5 миллиард доллар бөлүнөрүн билдирген.

Булак: Азаттык