Соттук иштерден баш айланат. Күнүгө эле соттордун эшигинин алдында котологон эл жүрөт кабагын чытып. Анткени ошол сотто бирөөнүн агасы, экинчисинин тагасы, кай бирлердин өмүрлүк жолдошу, бөлөсү болушу ыктымал. Акыркы мезгилде соттук иштер негедир созулуп кетип баратат. Кудум 2010-жылдан кийинки сотторго түспөлдөшүп баратканы кооптондурат.
Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрындагы сотто “Электр станциялар” тармагынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов да берилген суроолорго жооп берди. —“Эгерде ТЭЦте реконструкция болбогондо шаардыктар тезекке муктаж болуп калышмак, жаңы ТЭЦ курулгандын негизинде ошондой кордукту көргөн жокпуз”- деген сөзүн уктук. Мындай аргументти камакта отургандардын басымдуу катмары айтып эле жатат. Авария эски ТЭЦте болгонуна да эчен ирет токтолушту. С. Авазов Жалал-Абад шаарынын мэрлигине экинчи ирет отуруп иштей баштаганда камакка алынган. Шаардыктар анын мыкты мэр экендигине көзү жеткенин да жашырышпайт. Иштин майын чыгарган кадрлардын элге жарыгы тийбегени албетте, өкүнүчтүү. Анын жубайы Бактыгүл да сотко каттай берип таманы тешилгенин, балдары атасын сурай берип кабатыр кылганын, үмүтүн үзбөй жакшылыктан күдөр үзбөгөнүн муңкана билдирет. Ага окшогон энелердин көз жашын көргөн сайын муун-жүнүң бошойт. Бул жерде соттун ролу чоң. Бурмалабай, чечимди так чыгарса гана атаганат!
Булак: “Ачык сөз”