Домой Саясат «Аю» холдинг мамлекетке 6 миллиард сом төктү

«Аю» холдинг мамлекетке 6 миллиард сом төктү

48
Шаршенбек  Абдыкеримов түптөп, гүлдөтүп жаткан “Аю” холдинг компаниясы жалпысынан  ар кыл багыттагы 30дан ашуун ишканадан турат. «Аю» холдинг өндүргөн ар кыл продукциялардын сапатына өзгөчө басым жасап келгендиктен, ал товарлар өзүнчө бир бренд болуп калганы талашсыз.

Бул компания 15 жылдан бери  миӊдеген адамдарды туруктуу иш менен камсыздап  келет. Ал эми башкасын эсепке албаганда да мамлекетке салык катары төккөн акчасы 6 млрд. (15 жыл ичинде) сомго жетет. ал эми жыл сайын салык катары төгүп жаткан акчасы 600 миллионго жетет. Мындан тышкары, бул компания кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иштерине да көӊүл буруп, бул багытта да таыхта айтылып, жазылып кала турган омоктуу иштерди жасады. Анын баарын тизмектеп жазак, кагаз бети чак келбес…

Негизи ишкерликтин майын чыгарган Абдыкеримов мамлекетке мындан чоӊ пайдаларды келтирүүгө мүмкүнчүлүктөрү жетет деп ишенсек болот. Андыктан, ал маселни алдыда күтсөк болот…