Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бул ирет “Жунгли китебиндеги” каарман – Акеланы гунн уруусунун башчысы Аттила менен алмаштырып алды.
Тазабек Икрамов “Марал” радиосунун түз эфиринде маек берип жатып, парламентте туура эмес сүйлөгөнүнө коомчулуктун кылган реакциясын кандай кабыл алганын айтып жаткан.
“Мауглиде бар го, жанагы, Аттила чалынып калды же жыгылып калды деп жанында шакалдар кыйкырып жүрөт го. Мен муну ошондой эле эме кылдым. Уяттуу эч нерсе кылган жокмун да. Мен мас болуп же, жылаңачтанып чыгып алсам уялсам болот эле”, – дейт депутат.
Эске салсак, өткөн жылы 8-мартта ЛГБТ коомчулугу да катышкан маршты сындап жатып парламентте депутат Тазабек Икрамов “гомосексуалист” деген сөздү айтам деп, “гомосексалю…” деп, дагы эки айдан кийин “ассамблея” деген сөздү “асамбеля” деп айтып коомчулуктун сынына кабылган эле.
Булак: БарсМедиа