Пайгамбар жашынан өтүп калган Салбар Акказов редакциябызга баш багып, президенттик аппараттын бөлүм башчысы, салабаттуу, али элге жаман иштери угула элек Анарбек Исмаиловдун аялы Аида жана анын эжеси Умида айым тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
— Мен сиздердин редакция аркылуу Президенттик аппараттын бакыйган чоң кызматкери Анарбек Исмаиловго кайрылууну чечтим. Бул аттуу-баштуу адамдын аялы Аида деген айым менин кызым Элмиранын жакшы таанышы болчу. Кызым, 2009-жылдары Бишкектин 12-кичи районунда “ДК” аттуу соода борборунда Түркиянын кийимдерин сатып иштечү. Аида ошол аталган райондо жашап, кызыма көп келип, соода кылып, айтор туруктуу кардары болуп калган экен. Бир күнү бир тууган эжеси Умида деген айымды ээрчитип келип, кызыма тааныштырат. Анан өзү кепил болуп, ортого түшүп, кыскасы кызымды көндүрүп, карызга 40 миң сомго кийим алышыптыр. Умида ал жерден кызыма түз сүйлөп, түз жүргөн аял экенин, 4 баланын энеси экенин айтыптыр. Акчаны Аиданын эжеси Умида төлөмөк экен. Кызым Аидага ишенип, андан тил кат жаздырып алган эмес экен. Бирок, Умида кызыма өз убагында акчаны бербейт, кепил болгон сиңдиси Аидадан сураса, ал дагы баш тартат. Акыры андан эжеси “Рабочий городокто” жашарын угат, бирок дарегин сураса бербей коюптур. Аида болсо, “эжем үчүн мен төлөбөйм, өзү төлөйт, өзүңөр чечишип алгыла”, — деп жаа бою качыптыр.
— Андан бери 7 жыл өтүптүр. 40 миң сомду эмдигиче ала албай жүрөсүздөрбү?
— Ала албай жүрөбүз. Ал кезде доллардын курсу 55 сомдун тегереги болсо керек, азыр эми 70тен ашып кетпедиби, ортодо канча айырма болуп жатат. Аиданын күйөөсүнүн зоболосу көтөрүлгөндөбү же байлыгы көбөйгөндөбү айтор, 12-кичи райондон Совет көчөсүндөгү “Юбилейка” деген жердеги чоң үйгө көчүп кетишиптир. Бир жолу кызым экөөбүз Аиданы Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишинен көрүп калып, жолугуп, карызды дооласак: “Ал акчаны эжемден өндүрүп алгыла, мен төлөбөйм”, — деп койду. Аида болбосо, кызым Умиданы тааныбайт эле, ага мынча карыз акча бербейт болчу, анан ушунча жылдан бери өндүрө албай куурап жүрбөйт эле да. Кызым деле жыргап кеткен жери жок, эл катары оокат кылайын деп аракет кылып жүрөт. Анын ак эмгегин эмне үчүн Аида айым түшүнбөйт? Макул, эжеси менен иши жок экен, күйөөсү элге төбөсү көрүнүп калган инсан эмеспи, аны минтип сөзгө калтырбай деле койсо болмок.
Анарбек мырза, аялы менен кайын эжесинин бул жоругун укса, талапка ылайык чечим кабыл алар деп ойлойбуз. Болбосо, кызым үчүн, кызымдын өндүрө албай жаткан акчасы үчүн мындан ары президентке да кат менен кайрыла беребиз.