Домой Пайдалуу кеңеш Атанын түрлөрү. Сиз кайсынысына киресиз?

Атанын түрлөрү. Сиз кайсынысына киресиз?

167

Баланын татыктуу тарбия алуусунда, анын ийгиликке жетүүсүнө атанын салымы өтө чоң. Психологияда атанын беш түрү болот экен. Ар биринин өзүнүн өзгөчөлүгү, кемчилиги бар. Сиз кайсы атанын түрүнө кирериңизди төмөндөн аныктап, кемчилигиңизди оңдосоңуз болот.

Кыйкымчыл ата Белгилери: Мындай атага жагуу оор. “Ата, бүгүн үч сабактан беш алдым” десе, “кир бутуң менен эмне үйгө кирип келатасың?!” деши мүмкүн. Мындай аталар баласын дайыма башка балдар менен салыштырып жүрөт. Баланы ачык жемелебесе да, “тигинин баласы спорттон жеңиш алып келди, бул тууганымдын баласы сабактарын мыкты окуйт” деген салыштыруу дайыма мээсинде айланып турат. Ошол эле учурда баласынын майда ийгиликтерин көз жаздымында калтырат.

Себеби: Маселе атанын өзүндө болушу мүмкүн. Бала кезинде ал да кыйкымчыл атанын тарбиясын алган. Көбүнчө өгөй атанын колунда болгон балада ушундай сапаттар калыптанат. Мындай атанын таасиринде өскөн балада өзүнө болгон ишеним сезими жок болот.

Кеңеш: Башка аталардын түрүнө караганда бул түргө кирген атанын оңолушу оңойго турбайт. Андыктан өзүңүзгө сырттан байкоо жүргүзүңүз. Эң жакшы ыкма, өзүңүздү камерага тартыңыз. Тамактануу учурунда балаңыз тамак төгүп алса, ойноп жатканда туура эмес кыймыл кылса эмне дегениңизди так көрө аласыз. Мындай кадам менен сиздин урушуңузга бала кандай таасир этип жатканы, чүнчүп жатканы так көрүнөт. Анын алдында күнөөңүздү сезесиз, аёо сезими ойгонот. Ойлонуп кыялыңызды оңдоого болот. Жана сиздин кыжырыңызга кандай учурлар тийип жатканын так билип, өзүңүздү өзүңүз түшүнө аласыз.

Жан сакчы ата Белгилери: Бул түрдөгү аталар баласы жөнүндө айтып “биз” деген сөздү көп колдонот. “Быйыл мектепке барабыз”, “дене табыбыз көтөрүлүп жатат” ж.б. Ал акчаны өзү үчүн эмес, баласынын келечеги үчүн таап жатам деп түшүнөт. Кокус мектепке баласынын маселеси жаралса жетип барып териштиргенден кайра тартпайт. Кыскасы, бала өзүнчө адам экени, анын кызыкчылыгы, жашоого көз карашы бар экени менен эсептешпейт. Баланы өзүнчө адам катары карабайт. Өзүнүн уландысы катары гана көрөт.

Себеби: Кичинекей кезинде балага ата-энеси тарабынан жетиштүү көңүл бурулбаса ушундай адам калыптанат. Өзү бала чагында жете албаган нерселерди баласына эки эсе жасагысы келет. Мындай атанын тарбиясын, ашкере камкордугун алган бала кийин өз алдынча чечим чыгарууга, жашоосун эптеп кеткенге жөндөмсүз болуп калат.

Кеңеш: Ушул сапатты өзүңүздөн тапсаңыз, анда азыртадан оңдогонго аракет кылыңыз. Эң жөнөкөй мисал, баланы ээн-эркин ойногонго жибериңиз, дүкөнгө жумшап өз алдынча акча колдонууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Баладан сырткары эрмек табыңыз. Балким, эс алууга, достор менен кездешүүгө көп убакыт бөлсөңүз туура болот. Ал эми балаңыз жаңы дос, тааныш күтүүсү үчүн жайкы лагерге жаздырып, спорттук ийримдерге алып барсаңыз жакшы жыйынтык берет.

Өкүмчүл ата Белгилери: Үй-бүлөдө айтканы айткандай аткарылышы керек. Бирөө жарым каршы чыкса чара колдонгондон кайра тартпайт. Өкүмчүлдүгү балдардын каалоосун, табитин эске албай, “алдыңдагы тамакты жейсиң дедимби, жейсиң!” деген жөнөкөй талаптардан жогору карай өсүп отурат.

Себеби: Үстөмдүк өкүм сүргөн үй-бүлөдөн ушундай бала өсүп чыгат. Атасы убагында өз ата-энесинен эркиндик көрбөсө, кийин бул ыкманы балдарына да колдонот. Ал тургай бул чынжыр небере-чөбөрөлөрүнө чейин жетиши мүмкүн. Бул үй-бүлөдө өскөн баладан жакшы кызматкер, жумушчу чыгат. Анткени дайым баш ийгенди, айтканды эки кылбай аткарганды билет. Бирок жетекчи, лидер чыгуусу дээрлик мүмкүн эмес.

Кеңеш: Эркиңизди жыйып буйрук бергенди токтотуңуз. Ал үчүн жөнөкөй оюндардан баштаңыз. Жаш куракка, үйдөгү ордуңузга көз каранды болбогон оюндарды көп ойноңуз. Оюндан балага калп болсо да жеңилгенди үйрөнүңүз. Мисалы, ат болуп балаңызды үстүңүзгө мингизип, ал сизди башкаргандай абалга коюңуз. Чоңураак балага тандоо укугун бериңиз. Бара-бара өкүмчүлдүк атадан доско айланганга аракет жасаңыз.

Эрки бош ата Белгилери: Мындай атанын баласы башына чыгып, эрке болот. Кандай тентектик жасабасын аны актап турат. Баласы айланадагыларга кандай зыян келтирип жатканын аңдабайт. Кокус кимдир-бирөө баласынын дарегине сын айтса тиешеси жоктой кайдыгер гана кабыл алат. Баласынын жаман жоругуна эмне себеп болуп жатканын эмес, аны оюнда кантип актоонун жолдорун издейт. “Мейли, бара-бара түшүнөт, азыр кичинекей да, жалгыз болуп эрке болуп калбадыбы” деген сөздөр ушундай атага тиешелүү.

Себеби: Мындай атага убагында тиешелүү тарбия берилген эмес. Көбүнчө чоң ата, энесинде өскөн баладан эрки бош ата чыгат. Анткени убагында аларга жаман менен жакшынын, туура менен туура эместин чегин так көрсөтүп үйрөтүшкөн эмес. Мындай бала жүрүм-туруму менен башкалардын кыжырын келтирип жатканын сезбейт, билбейт.

Кеңеш: Балаңызга болгон сезимиңизди акылыңыз менен башкара билиңиз. Балаңызды сырттан караганды үйрөнүңүз. Тентектикти сиздин балаңыз эмес, башка бала кылып жатса кандай аракетке бармаксыз? Ар бир туура эмес кылыгын эмне үчүн туура эмес экенин түшүндүрүп айтып бериңиз. Эгер тартибин оңдобосо жаза колдонгонду өздөштүрүңүз. Ал эми такыр эле жүрөгүңүз даабай жатса, анда тартипке катуу тарбиячы, бала багуучу жалдасаңыз болот.

Бала багуучу ата Белгилери: Баланы өз курагынан кичирейтип көрөт. Мисалы, бала сасык тумоолоп калса дайыма көзүн карап, айтканын эки кылбай эркелетет. Мындай ата өмүр бою баласына ооруп жаткандай мамиле жасайт. Кара жумушка жарап калган куракта деле аны ишке бышырбайт, жумшабайт. Анын ордуна өзү жүгүрөт. Мындай тарбияда өскөн бала өзүмчүл болот. Келечекте анын өзүмчүлдүгүнөн башкалар жапа чегиши мүмкүн. Ал эми бала өзү коомго аралашууда кыйналат.

Себеби: Мындай мамиле аң-сезимдеги коркунуч менен байланыштуу. Эгер бала узак убакыт ооруп беймазага салган болсо, кандайдыр бир кырсыктан аман калса, ата-эненин калган өмүрүн коркунуч коштоп жүрөт. Кайра жоготуп алуудан коркуп, баласын өмүр бою төбөсүнө көтөрүп жүрүп өтөт.

Кеңеш: Бала тарбиялоо үчүн эң жөнөкөй кеңештер жазылган китептерди окуңуз. Баланын жаш курагына жараша жумуш жасаганды үйрөтүңүз. Көбүнчө мындай аталар бир балалуу үй-бүлөдө болот. Андыктан жалгыз баланын көзүн карабай дагы бала төрөгөн оң.

Анара Дүйшөналиева

Булак: Lady.kg