Домой Саясат Атамбаевдин тарыхий миссиясы

Атамбаевдин тарыхий миссиясы

85
Учурда экс-президент А.Атамбаев убагында өзү сүйрөп, өзү алып келген бийликтин буйругу менен бүгүн минтип абакта олтурат. Аны тергеп жаткан күч органдары өтө оор беренелерди анын мойнуна илүүдө. Кимисиники чын, кимиси ката кетиргенин мезгил аныктаар. Ал эми төмөнкү макалада айталы дегеним такыр башка. Шибегени капка катуу мүмкүн болбогондой эле жашырып, жабылбай, кандай бийлик болсо да өчүрө албаган, тарыхтын барактарында жазылып калган андагы президент А.Атамбаевдин өлкө үчүн жасаган көптөгөн эмгектеринин бирин окурмандарга сунуштоону ылайык көрүп турам. Ал эми бул макала боюнча ким кандай баасын берет ал ар кимдин өз эрки.
Үркүн-1916. Ал кезди, ошондогу элдин муң зарын сүрөттөп берүү оңойго турбайт. Кыргыз элинин ошол апаатта кандай азапка тушукканын тарыхтын саргайган барактарынан окуп алып денең дүркүрөйт! Ал тууралуу Кыргызстандын тарыхынын энциклопедиясын карасаңыз «1916-жылдагы Үркүн окуясы 19-кылымдын экинчи жарымы, 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылдарынын эң ириси. Ал элдин эсинде «ҮРКҮН» деген ат менен түбөлүккө сакталып калды…» деп бакырайып белгиленип турат.Ооба! Жалтактабай, Үркүн туурасында ачык кеп кылсак, ошол учурдагы Россия империясынын коллониалдык саясаты көрбөгөн кордукту көргөзгөнү да тарыхий чындык. Ошол каардуу мезгилерге тарыхий фактылардын негизинде баам салсак анда, кыргыз жеринин мыкты өрөөндөрүнө Борбордук Россиядан орус, украин дыйкандарын көчүрүп келе баштаганы, алсак, 2015-жылы Чүй өрөөнүндө кыргыздардын 700 миңден ашык жерлери тартылып алынганы кашкайып жазылып турат.Ушундай эле көрүнүш Ысык-Көл аймагында да уланган. Жергиликтүү элдин мындай мыкты жерлеринен ажыроосу алардын улуттук аң-сезимине терең таасир эткен. Ага карабай падышачылык Россия мыкты куралданган аскерлерин байма-бай жөнөтүп, күч менен каалагандай карапайым элди эзип, натыйжада, алардын ырайымсыз кысымына туруштук бере албай, кайран эл аргасыздан жан айласын кылып Ата-Журттан качууга аргасыз болгон! (Ал окуя өзгөчө азыркыдай эле август айында күч алган. Ошондо, падышачылык Россия элди кырган аракетин токтотпой, колдорунда айры, кетмен-күрөктөн башка куралы жок калкты Кытайдын чек арасына чейин сүрүп барып, айрыкча ошол жерден таранчыдай эле кырышкан. Азыр да Кытай менен чектеш Текес, Бедел, Жазык ашууларында адамдардын жайнаган сөөктөрү жатат… Жогоруда айтпадыкпы, мунун баары карт тарыхтын саргайган барактарында жазылып турат…)
Эгерде ошол 1916-жылдагы геноцитти 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун санына салыштырсак төмөндөгүдөй муңдуу цифралар тартылат. Улуу Ата-Мекендик согушта жалпы кыргыздардын өлгөн саны 156 миң кишиге жеткен деп айтылып жүрсө, 1916-жылдагы Үркүндө Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарын кошкондо 9 айдын ичинде эле 158 миң кыргыз падышачылык Россиянын курмандыгы болушкан. Ал эми айрым маалыматтарда,Үркүндө баш аягы 300 миңдин тегерегинде адам набыт болгону айтылат.Ушул жерден өзүбүзгө тиешелүү нерсени да айта кетсек, дал ушундай алааматта, кайран элдин ар биринин көздөрүнөн жаш төгүлүп, жалама аскага такалып арга-амалдары түгөнүп калышканда акылман карыларыбыз менен эл ичинен чыккан болоттой курч азаматтар суурулуп чыгып, эл баштап, ызгаар урган суукта жалама аска-зоонун беттерине жаңы сойулган малдын эттерин каны муздай электе чаптай салышып, муздак ташка ысык эт жабыша түшкөндө ошол этти тепкич кылып белден ары карай өтүп кетишкен. Андан ары да эмне деген азаптарды көрдү. Төрт баласы болсо калган үчөөсүн аман сактап калыш үчүн балдарынын бирин кытай-уйгур көпөстөрүнө бир баштык унга сатууга чейин барышты… Дагы да белгилей кетчү нерсе- ошондо журт башына түшкөн ошондой азапта бай-манаптардын, бий болуштардын тукумдары салыштырып айтканда «эшектин тушагын» чечкенге да жарашкан эмес! Тескерисинче өз байлыктарын, көр дүйнөлөрүн сактап калыш үчүн падышачылык аскерлер менен жашыруун сүйлөшүп, эл-журтту отко салып берүүдөн да кайра тартпаган. Ойдоктотпой айтканда айтканда ошондо эл-журтту мансаптуу бай-манаптар эмес, карапайым азаматтар тар жол, тайгак кечүүдөн алып өтүп кетишкен…
Үркүн демекчи, Кыргызстанды 2011-2017- жылдары жетектеген президент А.Атамбаев өз мезгилинде ошол тарыхий мезгилге арнап монумент тургузуп, Үркүн окуясынын 100 жылдыгына карата атайы Жарлыгын чыгарып, ал жарлыкта кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана андан кийин да Үркүн окуясы Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлөөгө тийиш экендигин ачык айтып чыккан. Атамбаев андан ары Үркүн тууралуу чыгарган жарлыгы бүгүнкү бийлик башындагылардын узун убадаларындай жөн гана сөз болуп калбастан өзүнүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондусунан 10 миллион сом бөлүп берилип, бөлүнгөн ал каражаттын орчундуу бөлүгүнө кыргыз элинин азаптуу ошол окуясы эч качан унутулбай жүрүшү керек деген максатта бийиктиги 21 метр турган атайы мемориал тургузуздурган. Таланттуу скульптор М.Огонбаев менен архитектор С.Ажиевдин эмгегинин негизинде боз үйдүн түндүгү жана андан кыл арканга байланып турган үзөңгүлөр илинген мемориал биздин өткөн тарыхыбыздан чыккан коңгуроо, келечек муундарыбызга түбөлүк калуучу мурас, сабак дагы… Ал мемориалды көргөн адамдын элесинде кыргыз элинин башынан өткөргөн кайгылуу окуяларынан кабар берип, кимди болсо да үшкүрүнтөт.
Геноцит деген жөн эле маселе эмес. Алсак, 1915-жылдагы Түрк мамлекетинин армян элине карата кыргынын армяндар ар жыл сайын аза күтүү менен эскерип келишет. Ошондой эле 1941-1945-жылдардагы согушта немецтик фашизимдин еврей элине карата жасаган геноцитин жер планетасындагы жашаган ар бир еврей эли белгиленген күндө шам жагышып, коңгуроо кагышып аза күтүшөт. Буларды айтып жатканыбыз А.Атамбаевге чейин биздин бир да мамлекет башчысы ал киши чылап ачуу чындыкка тике карай айтып чыга алган эмес. Айтмакчы, аталган мемориалдын ачылышына ошондо Россиянын президенти В. Путин өзү келип гүл койгон. Падышачылык Россиянын ошондогу таш боордугун азыркы орус президенти мойнуна алган. Ошентип, бул маселеге чекит коюлган. Белгилеп кетчү нерсе, баса белгилей кетчү нерсе- ошондогу геноцитти Орто Азиянын бир дагы президенти азыркыга чейин да айта алышпай келет. Болбосо, 1916-жылдагы көтөрүлүш бүтүндөй Орто Азиянын кеңири аймагын кучагына алган. «Кеп чынынан бузулбайт» дейт кыргызда. Азыркы тапта Атамбаев жөнүндө кандай гана сөздөр айтылып жатат, бул эми таптакыр башка маселе, мыйзам алкагында каралчу иш. Ал эми А.Атамбаев убагындында тарых алдында, Үркүн окуясында геноцитке кабылып бей-күнөө шейит кеткен элинин арбагынын алдында жасаган эмгеги чынында эле өзгөчө басым менен белгилеп кетчү эмгек болгонун мойнубузга алышыбыз керек. Кааласак да, каалабасак да ал кишинин Үркүн окуясына болгон вазийпасынын мазмуну терең. Муну, түшүнгөн жан тарыхий миссия катары кабылдап айтса да жарашат?!
                                                                                               Кенжекбек Арыкбаев