Ким билсин, балким Алмазбек Атамбаевдин тагдыры мурдагыдай болгондо уулу Кадырдын “төбөсү” коомчулукка көрүнмөк эместир? Алты жыл өлкөнү башкарып, кыйла омоктуу иштерди жолго салып кеткен мурдагы президенттин минтип “ишенген досунан” мертинип каларын көзү ачыктар деле билбеген болчу. Анан эле кашайып өзү туурга кондурган адамы “комузун черттирип” салганына коомчулук деле бир өң менен карабастыр? Эмнеси болсо да Атамбаевдердин үй-бүлөөсүнө бүлүк түшүп турганы ырас. Көөдөнү сокур эместер буга баам салып турат аягы эмне менен бүтөр экен деп чыйпылыктап. Баары бир темир тордо отурган кишиге ылымсанагандар калбай калды дегендин өзү апыртмалуу. Жан тарткандар толтура.
Ал эми көкүрөк күчүгү болгон Кадыр Атамбаевге токтолсок кеп мындай. Эгерде терең тарбияга сугарылбаганда, атасынын баскан, турганына саресеп салбаганда, билим албаганда азыркы деңгээлге жетпей калмак. Атасы камалган соң баштагыдан кыйла өзгөрүүгө тушукту. Акылга салып сүйлөөнү, туура эмес айтып алса кечирим суроону, эрке балага окшоп көрүнбөөнү чечкендей сыяктанат. Германиянын мамлекет башчысы Меркелдин чакыруусуна да моюн толгоп койду. Анткени кыргыз өлкөсүн сатып кетпөөнү атасынан үйрөнгөн. Атасынын бул сапатын ичинен эмес жүрөгүнөн жактырганы даана эле сезилет. Анын кемчилиги- атасындай кыргыз тилинде ташка тамга баскандай сүйлөй албагандыгы. Эгерде ушуга көңүл бөлүп кыргыз тилин өздөштүрсө накта саясатчыга айланат. Канткен күндө да кыргыз болгон соңөз тилиңде ээн-эркин сүйлөшүң кажет. Дагы бир белгилей кетчү жагдай ал башка балдарга окшоп калыптанганда мекенинен чуу коймок алды, артына карабай.
Учурда Кадырдын кадамдарына “турнабайын” салган бардык саясатчылар ага тымызын суктанып турганы деле айкын көрүнөт. Кана кайсыл Алмазбек Атамбаев менен үзөңгүлөш болуп жүргөн мыктылардын Кадырга окшогон кайраттуу уулу бар? Көрө элекпиз. Өткөндө коркпостон туруп атасы түптөгөн КСДПга мүчө болуп кирди, саясатка аралашууга бел байлады. Чамасы бул чечимине атасы деле жолтоо болбогон окшойт. Кумга баш катып, тизе бүгүп жашагандан көрө башты өйдө көтөрүп, элдин көзүнө түз карап, адилеттикти туу тутуп жашаганга аттан дебесе да атасынын көз карашын туура сезген уулу минтип аламан жарышка түшкөнү калктын сыноосуна кабылды деп айтканга негиз бар. Атасынын азыркы абалын көрүп кейибестен, анын элге жасаган адал иштерин акыры жер үстүнө чыгаруунун амалын кылууга батынган уулдун эмне айыбы бар? Демек, аны келекелөөгө, басынтууга, болбогон айыптарга жыгууга бийлик тараптан жол берилбеши керек. Келечекте чыныгы демократияга чулганган акыйкат саясаттын чыйырын салууга өмүрүн арноодон тартынбаган азаматка ийгиликтен башка тилегибиз жок. Атанын, кыргыз өлкөсүнүн туусун бийик көтөрүүгө баш оту менен киришкен Кадырга ылайым көралбастыктар, бут тосуулар, “кара дубалар” болбосо экен деп баяныбызга чекит коелу.
Ж. Түзайтар
Булак: Ачык сөз