Домой Саясат Атамбаевдин азыркы абалы айтылды

Атамбаевдин азыркы абалы айтылды

591

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин абалы жалпы жонунан жаман эмес, өзгөчө кыйналгандыгын айткан жок. Бул туурасында анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Бүгүн адвокат мурунку өлкө башчы менен жолуккан.

«Учурда Атамбаев дарыланып жатат. Укол жана асма укол алып, дары ичип жатыптыр. Жалпы жонунан абалы дурус. Өзүнчө палатада экен. Бул анын тез сакайып кетишине жардам берет деген ниеттебиз», — деген Слесарев.

Эске салсак, Атамбаев 30-июнда пневмония дартына кабылып, ооруканага которулганын УКМК кабарлаган.

Булак: Спутник