Домой Коом Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча Садыр Жапаровдун пикири

Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча Садыр Жапаровдун пикири

71

Алмазбек Атамбаевди сот күнөөлүү деп чечим чыгаргандан кийин камакка алса туура болмок. Мындай пикирин премьер-министр болуп жаңы дайындалган Садыр Жапаров мамлекеттик резиденциядагы маалымат жыйында билдирди.

«Атамбаевди азыр үй камагына чыгарып, сотко катыштырып, сот күнөөлүү деп чечим чыгаргандан кийин камакка алса туура болот эле деп ойлойм. Ал эми жанагы унааны Садыр Жапаровдун адамдары атты, криминалдар атты, аны криминалдар колдоп жүрөт деген туура эмес. Өздөрү сценарий жасап, бизди элге жаман аттуу кылып көрсөтүү үчүн жасалган иш-чара болчу. Ал далилдердин бардыгы биздин колубузда бар. Ак ийилет, бирок сынбайт дейт. Мындай жаман нерселер 21-кылымда, интернеттин заманында бат эле билинип калат», – деди Жапаров.

булак: barakelde.org