Домой Саясат Атамбаев үчүн митинг: Жогорку соттун алдындагы ызы-чуу… Видео

Атамбаев үчүн митинг: Жогорку соттун алдындагы ызы-чуу… Видео

66

Жогорку соттун алдында ушу тапта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. Алар Атамбаевге карата соттук териштирүүлөрдү ачык жана калыс өткөрүүнү талап кылып жатышат. алар Жогорку соттун имаратынын ичине кирип кетүүгө аракет кылышкан

Чогулгандардын арасынан Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеваны, КСДП фракциясынын айрым депутаттарын көрүүгө болот.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жогорку сотто бүгүнкүгө, 16-ноябрга белгиленген соттук отурум болбой калды. Буга ишти карай турган судья ооруп калганы себеп болгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Атамбаевдин тарапкерлеринин айтымында, кийинки сот отуруму 30-ноябрга белгиленди.