КСДПныны мүчөсү Мирбек Айтикев билдиргендей «Алмазбек Атамбаевди кармоо аракеттери дагы да жүрүп жатат. Буга чейин экс-президентибиз кармалды деген жалган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул маалыматты Атамбаевдин тарапташтарын таркатуу максатында айтылган сөздөр. Ошондой эле Айтикеев бир катар адамдар жарадар болгондугун алардын ичинде экс-депутат Мээрбек Мискенбаев дагы бар экендигин билдирди.
Мындан сырткары Кой-Ташга күч түзүмдөрү эч кимди киргизбей жаткан чагы. Аймактарда сыналгылар кармабай, Сокулук, Кой -Таш боюнча интернеттин, электр жарыгынын өчүрүлгөндүгү айтылууда. Салгылашууда Абдил Сегизбаев, СДПКнын юристи, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков дагы жаракат алган.
Ошондой эле туткунда калгандардын арасында Кой-Таштагы Боз үйдө ММК өкүлдөрү жана жөнөкөй жарандар да бар.