Тынчтык, ынтымак жана биримдик кыйынчылыктарды бирге жеңип, өнүккөн Кыргызстанда жашоого шарт түзөт.
6-мартта мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев 2016-жыл «Тарых жана маданият» жылынын алкагында олуттуу эмгектерди жасаган жана жалпысынан эле өлкөбүз үчүн олуттуу эмгек өтөп келатышкан жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Адегенде мамлекет башчысы бардык сыйлык ээлерин куттуктап, ошону менен бирге учурдагы орчундуу жагдайлар туурасында өз пикирин билдирип кетти. «Сөз чынынан бузулбайт» дейт элибиз. Андыктан бул ирет президент в айрым саясатчылар үчүн ачуу болсо дагы, таасын чындыктарды тайманбай айта алды.
Бул жолу мамлекеттик сыйлык алгандардын катарында майыптыгына карабастан, эрктүүлүгүн, эмгекчилдигин көрсөтө билген үч жараныбыз да болгонун айта кетели. Алардын жасап аткан эмгеги, тагдырдын оор сыноосуна сынышпаганы өзгөлөр үчүн үлгү болушу керек экендигин баса белгилеген Алмазбек Атамбаев мындай деди: “Сыйлык ээлеринин ар бирин мактасак жарашат. Бирок, үч жараныбыз жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет. Алар — Рахатбек Үсөнкожоев, Адина Самыйбек кызы жана Турсунбек Абдылдаев. Тоону томкоро турган көптөгөн эркектерибиз сиздерден үлгү алышса. Иш жок, мага иш, кызмат таап бергиле деп көрүнгөн шылтоо айтып, канча эргул жүрөт? Жалкоолордон уялыш керек. Ата-бабалар илгери эле “Жардылык – жалкоолуктан” деп таамай айтышкан. Иштейм деген адам – ар дайым иш табат. Жалкоо – ар дайым шылтоо табат”.
Туура, бул жарыкчылыкта адам баласы ар кандай тагдырга туш болушу мүмкүн. Албетте, бөөдө кырсыктан, жамандыктан Жараткан өзү баарыбызды сактасын. Бирок, баштарына түшкөн оор тагдырга майышып калбастан, жашоо үчүн күрөшүп, эл көзүнө көрүнө ала турган эмге жасап атышкан жогорудагы үч мекендешибиз сөзү мене ниши дал келбеген айрым саясатчыларга караганда бир топ өйдө турушаарын билип алганыбыз оң.
Кыргызстан өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн жолунда
Кыргызстан акыркы 6 жылдын ичинде кескин өзгөрүүлөрдү, бурулуштарды жасай алганын тана албайбыз. Экинчи революциядан кийин «тазаланып» калган мамлекеттик бюджетибизди кайрадан толтуруу, кайрадан экономикабызды өнүктүрүүнүн туура жолун табуу бир топ оор болду. Бирок, натыйжалуу болду. Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө чет мамлекеттердин лидерлери да оң баасын берүүдө.
Маселен, А.Атамбаев соңку мезгилдерде Кыргызстанда олуттуу өзгөрүүлөр орун алганын, жакында эле расмий сапар менен келип кеткен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бизге жогору баасын бергенин билдирди. Албетте, В. Путин муну жөн салды эле айта салган жок, ал чындыгында өзгөрүүлөр болуп атканын баамдап айтты. Мындан сырткары жакында эле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө расмий сапар менен барганында да ал жактагы лидерлер Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө оң баасын бергенин айта кетпесек болбойт.
Сыноолорго сынбайбыз, чыйралабыз!
Мамлекет башчысы бул аземде чейрек кылымдан бир аз ашуун убакыттык тарыхы бар эгемендүү Кыргызстандын далай оор сыноолорго тушукканын, бирок ал сыноолордон татыктуу чыга алганын билдирди. Кемчиликтер да кетип атканын, бирок «көч бара-бара түзөлөрүн» кошумчалады. “Элибизге эми эмне керек? Элибизге эми тынчтык, ынтымак керек. Албетте, өлкөбүздө орногон тынчтык, туруктуулук айрым тышкы жана ички күчтөргө жакпайт. Тышкы күчтөргө Кыргызстан бутка туруп, тизеге чөгөлөбөй, көз каранды болбогону жакпаса, айрым биздин саясатчыларга болсо тынч, туруктуу өлкөдө алар көздөгөн кара максаттарына, бийликке, байлыкка жетпей калгандары жакпайт. Жана, албетте, бул саясатчылар өлкөбүз үчүн өзгөчө коркунучтуу болот, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга бүт аракетин жумшайт”, — деди ал.
Ырасында эле 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин мурда ашыкча байлыгы жок саясатчылар ашынган байларга айланып кетишкенин көрүп турабыз. Алар бүгүн 2010-жылгат чейин эле жок болуп келген байлыктарын кайдан таап алышканына жооп бере алышпай отурушат.
Булар туурасында Алмазбек Атамбаев төмөндөгүчө пикирин ортого салды: “Апрель революциясынан кийин айрым саясатчылар бийликке жетип алып, элдин мүлкүн талап-тоноону, мародерлукту башкарып, кийин кылмыш издерин жашырганы баарыбызга белгилүү. “Туура бийде тууган жок” деген улуу сөздү унутуп, колго тийген бийликти эл үчүн эмес, жеке өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланышканын да билебиз. Алар 7-апрелден кийин тез арада эле чириген бай, миллионер болуп калганы баарыбызга маалым”. Ооба, чындыгында эле ушундай болуп туру. Ошол арам жол менен тапкан акчаларын кантип аш кылып кетүүнүн амалын издегендер азыр элди көчөгө алып чыгууга болгон аракеттерин жумшоодо. Бирок, алардын мындай арам оюун элибиз да баамдап турганын айта кетели.
Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарышы керекпи же ушакпы?
Жогорку Кеңеш – бул аты эле айтып тургандай мамлекетибиздеги эң бийик трибуна. Ал жерде мамлекеттик олуттуу маселелер талкууланып, элибиздин жашоо-шартын жакшырта турган мыйзамдар кабыл алынышы керек. Тилекке каршы мына ушул жогорку трибунаны да азыркы депутаттардын көпчүлүгү саясый кызыкчылыктарга буруп, жалган маалыматтарды тартынбай тарата турган жайга айлантып алышты. Мисалы, азыркы тапта коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган «Ата-Мекен» лидери буга чейин парламентте «Дача СУ» айылына кулаган учактагы жүк президентке жана анын үй-бүлөсүнө таандык болгон деп күпүлдөп чыккан. Бул барып турган жалган экенин билдирген Мамлекет башчысы төмөндөгүчө пикирин кошумчалады: “Ураган Боингде “Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон”, “Атамбаевдин Кипрде акчасы бар”, “Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон” деген ушактар парламенттин трибунасынан айтылып, Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат. Эми депутаттар чындыкты билгиси келсе, эки айдан бери ызы-чуу салбай, Гонконгко, Стамбулга деле барып келишсе болмок да? Венага, Венецияга, Америкага барганга убакыт бар, чындык издегенге убакыт жок. Билетке акчасы жок десең – көбү миллионер. Анда керек болсо, билетин мен сатып берейин. Ызы-чуу салбай, ушак таратпай, элге чындыкты тезирээк айтпайбы? Кипрге да билет алып берейин, доверенность да берейин. Ал жерде акчам болсо, ошол депутаттар өздөрү бөлүп алышсынчы!”.
Чын да! Жөнү жок эле мамлекет башчысынын кадыр-баркына көлөкө түшүрүү — бул мамлекеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрүү болуп саналат. Андыктан мындай жалган маалыматтарды таратып отурган парламенттин бизге кереги барбы деген суроо туулат. Эске сала кетсек, буга чейин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын төрагасы Б. Төрөбаев «тарап эле кетпейлиби?» деп чыккан болчу. Анын абакта жаткан Текебаевди коргогон маанайда ушундай билдирүү жасаганын эң сонун түшүнүп турсак да, анын бул демилгесин Президент колдой турганын кошумчалады.
Ыйык атты жамынган «Азаттык» жана Батыштан каржыланган бейөкмөтчүлөргө Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү түккө арзыбайбы?
Кыргызстан сөз эркиндиги жагынан Орто Азия ичинде гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине, ошол эле АКШга да салыштырмалуу алдаканча алдыга озуп кеткенин жашырууга болбойт. Бизде сөз эркиндиги ээнооздукка айланып баратат. Демократиялык баалуулуктарды дүйнөгө таратабыз деп аткан океандын ары жагындагылардан каржыланган бейөкмөтчүлөр да адам укуктарын коргобой эле Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип, айрым учурларда мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетире турган кадамдарга барышууда. Аларга кошул-ташыл аттуу-баштуу эле ММК булактары да акыркы учурларда жалгандарды, ушактарды таратууга өттү.
“Азаттык” деген ыйык атты жамынып алып, Америка конгресси тарабынан каржыланган радио “Свободанын” өлкөбүздөгү филиалы өзгөчө жанталашып жатат өлкөбүз жөнүндө, мен жөнүндө ушак таратып. Америкадан алган акчасын актап жатат абдан! АКШнын деле мага таарынычынын себебин жакшы билем. Кеп, албетте, демократияда же чындыкта эмес. Кеп Атамбаев “Манас” аэропортундагы Американын аскердик базасын кетиргенинде. Мен өткөн жылы АКШ мамлекеттик катчысы Джон Керри келгенде да сурадым. “Эмнеге Азимжан Аскаров камалганда, ага соттук чечимдер чыгарылганда президент болуп отурган Отунбаевага ошол кезде сыйлык бересиңер, а бирок базаңарды Атамбаев чыгаргандан кийин чоочуп ойгонуп, Аскаровго сыйлык бересиңер. Бул эмне деген эки жүздүүлүк?” деп сурасам, эмне деп жооп берерин билбей калды Джон Керри, жарыктык”, — деди Мамлекет башчысы бул багытта. Ошону менен катар эле АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп саясаттагы эки жүздүүлүк тууралуу туура айтканын, анын позициясын колдой турганын билдирди.
Ошого эле улай ал эгерде Атамбаевдин ошол жалган имиштерге байланыштуу илинчеги бар болсо, ал документтер «Азаттыкка» эчак эле түшмөк экенин, парламентке да жетмектигин кошумчалады. “ЦРУ эшек такалап жүрөт дейсиңерби!? Атамбаевди аңдыгандар көп! Бул биздеги радио “Свободанын” максаты башка. Элди бузмак, ынтымакты бузмак, Президент жөнүндө ушак таратмак. Анткени, элдин Президентке ишеними кетсе, өлкө олку-солку болот, ыдырап, ит-кушка жем болот. Ошондуктан, Конституцияда Президент эл менен бийликтин биримдигинин символу болуп эсептелет деп баса белгиленген”- деди ал.
Эч ким кыргыз көчүн тапкан жолунан бура албайт
Убакыт деген зымырык куш экен, антип-минткенче эле 2010-жылдагы Апрель революциясынын болгонуна 7 жыл убакыт өтүп кетиптир. Тактап айтсак, туура бир айдан кийин 7 жыл толот. Бул күнү адилеттикти, акыйкаттыкты издеп борбордук аянтка келген мекендештерибизге канкор Бакиевдин бийлигинин огу мөндүрдөй жааган. Ошентип 90 баланын өмүрү менен биз канкор бийликти кулатканбыз. Бирок, карапайым элибиз ошол 7-апрель күнү канкор бийлик менен күрөшүп жүрсө, айрым саясатчылар мародерчулукту башкарып, банк ячейкаларына кол салып жүрүшкөн экен. Азыр алар чириген байлардын катарында.
“Эми ошол 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында ок менен атылган, өлтүрүлгөн жигиттерибиз өздөрүнүн ден соолугун, өмүрүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү миллионер болсун деп бериштиби? Мародерлер элдин атын жамынып, бийликке келип, элди тоноп, миллионер болсун деп өлдүбү? “Атамбаев Ата-Мекенден колуңду тарт” деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата-Мекенибиз – Кыргызстан. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партияңар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата-Мекенибиз үчүн берди! Кыргыздын ыйык сөздөрүн да уурдап, менчиктештиргиңер бар! Эл ичинде партияңарга эчак эле башка ат коюшкан. Башчыңарга жараша!”, — деди А.Атамбаев бул багытта.
Анан аягында бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн тынчтык, ынтымак жана биримдик керек болуп турганын билдирип, элибизди ынтымакка чакырды.
“Мен ушул жылды “Ыйман” жылы деп бекеринен атаган эмес элем. Жараткан колдоп, ыймандуулук жылы кыргыз элибиз ыймансыз сасык саясатчылардан кутулса экен деп, Кудайдан тилеп койгом. Кудай тилегибизди укса экен! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсе экен. Ыплас, ыймансыз саясатчылардан элибизди сактаса экен! Албетте, ушундай салтанаттуу күндө сасык саясат жөнүндө айтпай эле койсом болмок. Бирок, “Убагында айтпасаң, сөз атасы өлөт” дегенди унутпаш керек. Кыргызда “Бетеге кетип, бел калат. Бектер кетип, эл калат.Бул күндөр да өтөт. Эч ким кыргыз көчүн тапкан жолунан бура албайт. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет ”, — деди ал.
Бул айтылгандар албетте ачуу экенин моюнга алабыз, бирок макалабыздын башында айтып кеткендей чындык ачуу болот. Андыктан ким эл жасаган революция менен байып алганын, дагы кимдер ошондой байлыкты самап турганын, ким чындап эл үчүн күйүп иштеп атканын ажырата билели. Ынтымагыбызга, биримдигибизге доо кетпесин!