Кыргызстанда биринчи жолу мыйзамдуу түрдө бийлик алмашканына үч айдан ашуун убакыт өттү. Биринчи ай салыштырмалуу тынч өткөнү менен экинчи айдан баштап экс президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Сооронбай Жээнбековдун “ ортосуна от жагуу” аракеттери байма бай жүрүп келет. Мындай кадамдарды Атамбаевдин мезгилинде коррупциялык иш аракеттерге кириптер болуп же төңкөрүш кылуу аракети менен учурда жазасын өтөп жатышкан экс саясатчылардын тарапташтары баштоодо.
Ошондой эле, учурдагы бийликтен “ устукан тийбей калгандар” да, “ отко май куюп” чагымчылдык кылууга жан үрөп жатканы айтпаса да түшүнүктүү.
Барынан кызыгы, булар “ үзөңгүлөш жүргөн” эки саясатчынын бири-бирине карама каршы коюууда өзгөчө бир ыкманы тандап алгандыгында. Ал ыкма азыркы президентти “ айга күнгө теңеп” мактап, экс президенттин үстүнөн “ жугунду куюу” болуп саналат. Бирок баамдап байкаган адамга, булардын мындай “ күйбөс катындын күйүтү күч “ ыкмасы, эң ириде Сооронбай Жээнбековду алсыратууга багытталып жатканын түшүнүүгө болот. Болбосо кечээ эле Жээнбековду “ бир колхозду да жөндөп башкара албайт” дегендер бүгүн “ апендинин кызындай” мактап калгандыгында бир сыр бардай.
Чагымчыл күчтөр жакында дагы бир “өзгөчө планын” иштеп чыкты. Бул пландын негизги максаты, кандай ыкма менен болсо да Атамбаевдин беделин түшүрүү экендиги белгилүү боло баштады. Ал үчүн социалдык түйүндөрдөн жалган баракчалар ачылып, мурда миң ирет Атамбаевге жабыштырылып бирок эч кандай далилденбеген жалган маалыматтар кайрадан атайлап таркатылууда.
Ошолордун бири 26 февралда “ туула калган” Темирбек Бектурганов деген “ бети жок” фейк экс президент Атамбаевге 11 жалаа жапкан экен. Бирок бир дагы “көзгө басар” фактысы жок.
Мисалы : 1- жалаа, жазуучуларга СССР таркаганда бөлүнгөн 50 миллион рубльди Атамбаев “ ашап койгон” деген жомок кайтадан айтыла баштады. Бул боюнча аки-чүкүсү такталып 50 миллион рубльди акын Асан Жакшылыков “ сиңирип кеткени” эбак эле эл журтка дайын болгон. А түгүл ошол эле жазуучулар өздөрү “акчабызды Асан Жакшылыковдон өндүрүп бериңиз”- деп Атамбаевге арыз жазып жүрүшкөнү жалпыбызга маалым.
2- жалаа, Атамбаев заводдорду талкалап Кытайга сатып жиберген деген куру доомат.
Чындап келгенде СССРден калган мүлктүн баарын “ колунан келгендер кончунан басып” Атамбаевге чейин эле менчиктеп алышкан. Атамбаев менчиктештирүүгө катышкан эмес. Башкача айтканда менчиктеп алган адамдардан сатып алып ошол заводдорду сактап калган. Миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган.
3-4- жалаасы, Талды-Булак, Жер-Үй алтын кендерин Атамбаев инвесторлорго ит бекер карматып жиберген имиш. “ Калптын казанын кайнатып жаткандар” Акаев, Бакиевдердин убагында кен иштетүүгө берилүүчү лицензиялар кагаз жүзүндө 300 сомдон сатылып, иш жүзүндө сол чөнтөктөргө миллиондоп түшүп келгендерин бир жолу эстеп коюшса жакшы болмок.
Атамбаевдин учурунда кен тармагын иштетүүгө укук алуу үчүн тендер уюштурулуп жеңген компания кенди иштетүүгө укук алуу үчүн эле казнага 300 миң доллар төгүп берүүдө .
5- жалаасы, ““Кыргызгазды” бир долларга сатты”- деген доомат. Чындап келгенде Атамбаев “Кыргызгазды” чириген түтүктөрү, олчойгон карыздары менен Газпромго 1 долларга “ сатты”. Бул кадам эң туура болгонунун мезгил өзү тез эле далилдеп койду. Азыр Бишкек шаарынын жаңы конуштарына чейин газ түтүктөрү киргизилип эл алкышын гана айтууда. Эки качкын президенттердин учурунда “ ала топу акаларыбыз” кыштын кыраан чилдесинде газ берүүнү токтотуп, көк муштум болуп тоңгон кездер эми тарыхта калды.
6- жалаа “Датка-Кемин” электр линиясына 400 миллион доллар кетти деп, жалган документ жасаган деген “ акыл эси ордунда адам” ишенбей турган имиш. Биринчиден, “ Датка-Кемин” чет элдик инвестициянын негизинде курулуп, өлкөнү энергетикалык коопсуздукка жеткирген ири долбоор. Андыктан бул курулуш чет элдик инвесторлордун көзөмөлүндө болгон. Ал жерден Атамбаев барып “ акча уурдап кетти” деп айтуу, бер болсо акмакчылык, ары болсо келесоолук. “ Датка – Кемин” көмөкчү чордону үчүн Атамбаевге ырахмат гана айтышыбыз керек. Анткени Бакиевдин “ тезек терген заманында” деле күн кечирип жүрбөдүк беле? Азыр деги эле электр жарыгы өчөт дегенди эсибизден чыгарып койгонубузга шүгүр.
7- жалаа, Мөңгүлөрдү талкалап, астындагы алтынды ала бергиле деп, мыйзамга кол коюп берип, 100 миллион доллар куругун алып кеткени үчүн. Мындай жалаа үчүн түз эле сотко кайрылыш керек. Карандай калпты таркатып жаткан адам да муну билип жалган акаунт аркылуу маалымат таратып жатканы бекеринен эмес. Анын үстүнө бул маселе боюнча чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алган.
8- жалаа. “Дача-СУУдагы” 38 жараныбыздын өлүмү үчүн Атамбаев жооп бериши керек дептир. Ошол каргашадан бери бир жылдан ашык убакыт өттү. Ал жүктөр Турцияныкы экени эбак далилденип Турция тарап жабырлануучуларга компенсация төлөп берди. Анан кантип жүк Атамбаевдики болот? Жүк Атамбаевдики деп болжолдоп жазган Нарын Айып сыяктуу журналист болумуштар да, жазганын далилдей албай, бүгүнкү күнү ири айыптарды төлөөгө мажбур болуп олтурат.
9- жалаа. “Автомаш” аркылуу элдин канын соруп олтурганы үчүн; (Сейит аттуу баласы электр энергияны Токтогул ГЭСинен 35 тыйындан алып, элге 70 тыйындан сатып жатат- деген. Ап бали акылыңа береке! “Автомаш” көптөгөн бөлүштүрүү компанияларынын бир экени чындык. Токтогул ГЭСинен электро энергия 35 тыйындан чыгары да чындык. Бирок, энергия кардарга түз эле Токтогул ГЭСинен келип үйүнө кирип келбейт да! Андыктан жалакор фейктин жазганы чындыкка жакындашпайт экени түшүнүктүү.
10- жалаа, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун салып атам деп, кытайлардан 1 миллиардга жакын доллар алып, жарымын жеп кетти дейт. Жогоруда айтылган баардык жалаасынан ушунусу өзгөчө болгон экен. Биринчиден түндүк –түштүк жолу али салынып бүтө элек. Экинчиден бир фейк чыгып алып эле “Атамбаев жеп кетти” десе эле жеп кеткен болуп калбайт да. Ал үчүн фактылар керек. Ал эми бул кургак сөздөрдө эч кандай факты жок.
11- жалаа, ТЕЦке 386 миллион доллар жумшалды деп жарымын жеп кеткен имиш. Атамбаев президент катары чет өлкөдөн ири суммадагы инвестиция таап келди. Ал эми аны көзөмөлдөө, ишке ашыруу чарбалык иштер менен алек болгон Премьер-Министрлердин түздөн-түз милдети болуп саналат. Андыктан көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан бул суроого толук түрдө Премьер-Министрлер жооп берүүгө тийиш.
11 жалаа көзүнө аз көрүнүп кеттиби, айтор аягына “ Акыр аягында “ Акаев менен Бакиев 25 жылда жеген элдин байлыгын Атамбаев 5 жылда жеп кетти. Ал тургай Акаев менен Бакиев экөө биригип 25 жылда 2 миллиард долларга жеткирген сырткы карызыбызды Атамбаев 5 жылда 5 миллиард долларга жеткизип, жарымын жеп кетти” – деп кошумчалаган экен. Акаев, Бакиев ошол 2,5 миллиард карызды алып жалпак тил менен айтканда чөнтөгүнө салып кетти. Атамбаев энергетикалык коопсуздукка жеткирип, Мектептерди жана социалдык имараттарды салып, социалдык үйлөрү куруп, жолдорду оңдоп, Түндүк – Түштүк альтернативалык жолдун курулушун баштап алган карыздарды пайдалуу тармактарга жумшап кетти. Чөнтөгүнө салып алган жок. Эч жакка качкан да жок. Кылмыш кылса каалаган жоопкерчиликке кез келген убакта тартууга болот.
Андыктан жогоруда айтылган жалган жалаалар менен Атамбаевди сот жообуна тартыш керек деген айрым адамдардын “кыялы” эч убакта ишке ашпай турган жомок.
Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин дагы, чагымчыл күчтөрдүн “бутасына алынып”, “ ур тепкиге ” кабылышынын себеби, анын дагы деле кыргыз саясатында күчтүү лидерлердин бири экенинен кабар берет. Ал эми, Атамбаев баштаган коррупция менен күрөш Жээнбеков тарабынан татыктуу уланып жатканы “ аркасында калбыры барлардын”, “ түн уйкусун төрт бөлүп” жатканы да чындык. Андыктан чагымчыл күчтөр эки лидерди кагыштыруунун мындан ары да уланта берери турган иш . Башкача айтканда Атамбаев-Жээнбековдун саясий үзөңгүлөш жылдары, жеке адамдык мамилелеринин канчалык бекемдиги, чагымчыл күчтөрдүн “ чабуулуна” туруштук берүү жөндөмдүүлүгү менен сыналмакчы. Калганын албетте, мезгил гана көрсөтө алат….