Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди 16 тарапкери менен чогуу соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүү маселеси көтөрүлгөндө, Атамабаев баш тартып «башты оорутпагылачы» дегендей кылып койду. Алгачкылардан болуп депутаттар Кодуранова менен Карамушкина өттү. Тескери жыйынтык таба алышпай, дарыгерелерден «тер» кетти дейт. Анча болду, психикалык анализден биздин аткаминерлердин дээрлик өткөзүп алышса болмок. Ошондо эл да жеӊилдей түшөт эле. Эмнеге дегенде ушул мамлекетти башкарып, мамлекеттин жүгүн көтөрүп жүрөм дегендердин баары (мурун иштеп кеткендерди дагы) акыл-эстүү, таза, мекенчил адам болсо, мамлекетибиз ушул абалга кирептер болот беле? Мына ушул маселе эл үчүн эӊ чоӊ көйгөй эмеспи…
Булак: Багыт