Домой Саясат Атамбаев эки тараптуу пневмония болуп ооруканага жаткырылды

Атамбаев эки тараптуу пневмония болуп ооруканага жаткырылды

775

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев пневмония дартына кабылып, ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ага ылайык, кечээ, 29-июнда, Атамбаев ден соолугу начарлап жатканын айтып, андан коронавирусту текшерүү үчүн ПЦР-тест алынган. Натыйжада COVID аныкталган эмес, бирок пневмонияга кабылганы белгилүү болгон.

«Ошол эле күнү дарыгерлер онлайн консилиум өткөрүп, өпкөсүнөн эки тарабы сезгенгенин аныкташкан. Буга байланыштуу ал ооруканага жаткырылган. Акыркы жумада Атамбаев жактоочусу жана туугандары менен бир нече ирет жолугушуп, кагаз жана буюмдарды алган. Бирок УКМК вирусту алдын алуу үчүн абакта жолугушууларды уюштурбай, элди айнек тосмо аркылуу көрүшүүнү сунуш кылат», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин жакын тууганынан коронавирус чыккан жана ал аны менен байланышта болгон.

УКМКнын абагы штаттык режимде иштеп, Республикалык штабдын талаптарын аткарып жатканы кошумчаланды. Ошондой эле кызматкерлердин бардыгы текшерүүдөн өтүп, оорунун симптомдору табылган эмес.