Дээрлик 12 жылдан бери өз элине батпай, өзгө мамлекетте баш калкалап келаткан туңгуч качкын ажо Аскар Акаев 9-декабрда Германиянын борбору Берлинде кыргызстандыктар менен жолугушуу уюштурууну көздөгөн экен. Бул жолугушуу шаардын борборунда, сыртта эле уюштурулган. Жолугушууга баш-аягы 20 чакты Берлинде жашап жана окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар келген.
А. Акаев өз сөзүн орус тилинде сүйлөп баштаганда эле, ага «Кыргыз тилинде сүйлөбөйсүзбү, баарыбыз кыргызбыз го» деп нааразы болгондор чыкты. Бирок, ал болбой эле орус тилинде кыскача сүйлөп, анан берилген суроолорго жооп бербестен, аркасына бурулуп кетип баратканда ага карата эки жумуртка ыргытылды. Мына ушунун өзү чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктар да А. Акаевди сыйлабай тургандыгын, анын өз элинин алдында күнөөсү тоодой экендигин тастыктап турат.
Бул жолугушууда ыргытылган жумурткага нааразы болгон А. Акаевдин кызы Бермет жумуртка ыргыткан жигитке барып, аны менен ажаан аялдарча урушуп алды. «Эмнеге Акаев Кыргызстанга барбай жүрөт?» деген суроого, «Мамлекетте бандиттер отурат» деп кыйкырып алды.
Ал муну менен эмнени айткысы келди? Мамлекетибизде кайсыл бандит бийликте отурат? Тескерисинче акыркы 6 жылдан бери карай өлкөбүздө кылмыштуу топторго каршы, коррупцияга каршы айыгышкан күрөш жүрдү. Ал эми Бермет айым айтып аткан бандиттер анын атасы А. Акаев бийликте турганда отурган. Акаевдин убагында чындыкты таасын айткан, элдин кызыкчылыгын көздөгөн кыргыздын чыгаан уулу Насирдин Исановдун табышмактуу өлүмгө дуушар болгонун билебиз. Муну кимдер жасашы мүмкүн эле? Албетте, бандиттер.
2002-жылы Аксы окуясы кимдин убагында болгон? Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусу күчүндө турган маалда. Алты бала бейкүнөө шейит кеткен. Муну кандай бийлик жасашы мүмкүн болчу? Бандиттер менен алакасы бар бийлик гана жасайт болчу.
Эгерде А. Акаев бийликке өзүнүн үй-бүлөсүн аралаштырбай, аялын жана бала-чакасын тыңдап башкара алган болсо, анда бүгүнкү күндө минтип өз элинен куулуп, кусага батып жүрбөйт эле. Атасынын ушундай тагдырга туш болушуна Бермет Акаеванын да салымы чоң. Ал атасынын бийлигинин күчү менен парламентке депутат болуп келгенинде элдин нааразычылыгы чегине жетип, 2005-жылдагы март революциясы болуп кеткен.
Тилекке каршы, А. Акаев дагы деле өзүнүн үй-бүлөсүнүн көрсөтмөлөрүнөн, айткандарынан чыга албай келет. Анын доорунда үй-бүлөсү кандай бийликке аралашса, дагы деле аны аялы жана уул-кызы башкарып келет. Болбосо, өзүнөн кеткен катачылыктарды мойнуна алып, эмдигиче элинен бир ооз кечирим сурап коет эле го.