Улам жаңы бийликке келгендердин талашкан «устуканына» айланган «Мегаком» чыры: кулагы кылтыйган Текебаев баштаган “ата мекенчилер”, кол кабыш кылган Ибраев менен Бекназаров.
Кыргызстанда бир нече уюлдук компаниялардын бар экени белгилүү. Эксперттердин берген баасы боюнча уюлдук операторлордун жылдызы жанып турган жылдарында тапкан кирешелери миллиард сомдорду чапчып турган. Бул бизнестин мына ушундай кирешелүүлүгү рейдерлик басып алуулардын, түрдүү талаш-тартыш коштогон жаңжалдардын чыгышына себепкер болуп келаткансыйт. Көптөгөн уюлдук компаниялардын ичинен «Мегаком» өзгөчө көп талаш-тартыштарга кабылганы менен өзгөчөлөнүп турат. Бул компаниянын айланасындагы чыр-чатактардан, рейдерлик басып алуулардан дайыма саясый күчтөрдүн кызыкчылыгы байкалып турат. Андыктан, «Мегаком» тарыхы жөнөкөй тарых эмес. Кыргызстандагы бардык эле бизнестер сыяктуу бул компаниянын иши жүрүшүп, ити чөп турган убагы да, асмандан жерге чабылгандай болгон оор күндөрү да болду. Мына ушундай оор күндөргө компания көбүнчө кайсы бир саясатчылардын ээлигине өткөн учурларда тушуккан. Эмесе, «Мегаком» тарыхы тууралуу кеңири сөзүбүздү баштайлы.
«Мегакомдун» тарыхы 1999-жылдан башталат. Бул жылы уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү үчүн «БиМоКом» компаниясы түзүлөт. Бирок, арадан төрт жыл өткөн соң, 2003-жылы компанияAncroftLimitedофшорунун менчигине өтөт. Бул офшордук компания Майрам Акаеванын тууганы Асхат Саркишев аттууга тиешелүү болгону менен анын башында Айдар Акаев көзөмөл кылып турган.
Көп узабай 2005-жылдын март революциясы болуп кетип, Акаев үй-бүлөсү менен өз өлкөсүнөн качат. Алар ошол убакта биринчи кезекте эле өздөрүнүн Кыргызстанда калган активдерин айлана-тегерегинде жүрүшчү санаалаштарына каттатышат. Март революциясынан эки ай өтүп-өтө электе эле Айдар Акаевдин досу Айдар Калиев өзүнүн тааныштары аркылуу «БиМоКомдун» 100% үлүшүн мурда белгисиз болуп келген Penwellофшордук компаниясынын өкүлдөрүнө каттатууга жардам кылат.
Чындыгында 2005-жылы жасалган март революциясы көпчүлүк кыргызстандыктарга «эми мындан ары башка, өнүгүүнү карай багыт алган өлкөдө жашайбыз» деген терең үмүттү берген болчу. Бирок, элибиздин ал үмүтү акталбады. Курманбек Бакиев өз бийлигин тездик менен бекемдеп алды. Ал башкаруунун жаңы жолун издеп деле убара болбоду. Мурунку эле Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусун андан ары улантып, күчөтүү жолун гана тандап алды. Бул убакта анын уулу Максим Бакиев өзүнүн жеке бизнес-империясын курууну баштаган.
Ошол эле 2005-жылдын октябрында Айдар Акаевдин мурдагы «БиМоКом» компаниясынын текшерүүчү органдар менен көйгөйү бар экенин жана жыштыктарды бөлүштүрүүгө өтө муктаж болуп турганын билип, Максим Бакиев тез арада Penwell компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзөт. Алар М. Бакиев менен өнөктөштүк келишимин түзүп, ага «Мегакомдун» 49% үлүшүн беришет. Максим Бакиев бул биргелешкен бизнеске өтө чоң көңүл бурат. Натыйжада ал бат эле ири компанияга айланып, байланыш рыногунда монополдук позицияга ээ болот.
Бирок, бул өнөктөштүк кызматташуу узакка созулбайт. Компания ири суммадагы киреше таба баштаганы М. Бакиев ага өзү гана толук ээлик кылууну максат кыла баштайт. Анын ошол убактагы өнөктөшү болгон Penwell компаниясы «Мегакомго» 6 миллион доллардын тегерегинде инвестиция салышкан. Анын арты менен алар 51%га ээ болуп турушкан. Ошол убакта 51%дын базар баасы 500 миллион долларды чапчыйт эле. Мына ушул жагдайдан улам К. Бакиевдин эрке-талтаң уулунун аппетити ачылып, өзүнүн жакын досу Алексей Елисеевдин жардамы менен «БиМоКомду» банкротко учуратат. Ал эми анын жабдуулары менен кардарлык базасы жаңыдан түзүлгөн «Альфа Телеком» компаниясына өткөрүлөт. Бул жаңы компаниянын жападан жалгыз негиздөөчүсү Елисеев өзү болот. Ошентип 2009-жылы «Мегаком» уюлдук компаниясынын толук кандуу ээси жана кожоюну Максим Бакиев болуп калат.
Бирок, андан көп өтпөй, 2010-жылы өлкөбүздө Апрель революциясы болуп өтөт. Бул окуя Максим Бакиевдин «Мегакомдун» акцияларына ээлик кылып калуусун улантуу үчүн жаңыча кадамдарды жасоосуна түрткү берет. Окуя мындан ары өтө кызыктуу.
Апрель революциясынан кийинки М. Бакиевдин аракеттери
Качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү өлкөдөн сырткары качып кетишкенден кийин Максим Бакиевдин алдында буга чейин талап-тоноо аркылуу ээ болгон жана мамлекеттен чыгарып кетүүгө үлгүрбөй калган байлыктарын кантип сактап калуу керек деген суроо жаралган. Анын ичинде «Мегакомдун» активдери да бар болчу.
Ошентип 2010-жылдын 7-апрелинен кийин эле Кыргызстанга Максим Бакиевдин жана анын мурдагы бизнес-өнөктөштөрүнүн эмиссарлары келе баштайт. Алардын максаты «Мегаком» компаниясындагы өз үлүштөрүн сактап калуу болгон. Өз максаттарына жетүү үчүн алар ошол убакта кызматта отургандарды сатып алууга да даяр болушчу. Жогоруда айтылып кеткендей 2010-жылдын 7-апрелинде «Мегаком» уюлдук операторунун 100%ы юридикалык жактан да, факты жагынан да Максим Бакиевге тиешелүү болгон. Бул талашка түшпөй турган факт. Бирок, ошол убакта Баш прокуратура жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, «Мегакомдун» 100%ын мамлекетке өткөрүп алуунун ордуна «Альфа Телекомдун» болгону 49%ын мамлекеттик менчикке өткөрүүнү Убактылуу өкмөттүн кароосуна жөнөтөт. Калган 51% акцияны белгисиз деп таанышты…
2010-жылдын 27-апрелинде Бекназаровдун өкүл баласы Краснокуцкий тарабынан даярдалган документте болгону 49% акция улутташтырыла турганы көрсөтүлүп турат. Юристтердин айтымында Баш прокуратуранын бул көрсөтмөсүндө кандайдыр бир укуктук негиздер жок.
Дагы тагыраак айтсак, “Альфа Телекомдун” 49%ын гана мамлекеттин менчигине алуу тууралуу Убактылуу өкмөттүн атына көрсөтмө ошол убакта Баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп турган Б. Ибраевдин колу менен келген. Ал документтин аягында ошол убакта Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган Азимбек Бекназаровдун да колу турат. Мына ушундан улам “Мегакомдун” 51%ын улутташтырбай алып калууда А. Бекназаровдун да кызыкчылыгы болгон беле деген суроо туулат. Балким бул суроонун жандырмагын Текебаев билиши мүмкүн.
Мына ушундай жол менен 2010-жылдын апрелинде эле айрым саясатчы-мародерлор тарабынан «Мегакомдун» акцияларына чабуулдарды жасоого негиз берилип калган. Эмне себептен Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү тарабынан «Мегакомдун» 51%ы мамлекетке өткөрүлбөй, мурдагы кожоюнунун карамагында калып калган? Буга жоопту «Атамекен» фракциясынын ЖКдагы мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун сөзүнөн эле билсек болот. «Мен өзүмдүн депутаттыгымдын биринчи күнүнөн тарта эле «Альфа Телеком» ЖАКсынын 100% акциясын мамлекетке алуу зарылчылыгы тууралуу маселени көтөрүп баштадым. Биз комиссия түздүк, мен ага төрага болдум. Текебаев мени кабинетине чакырды, аны кабинетинде Дүйшөн Чотонов да бар болчу. Алар мага: «Россиядан чоң делегация келет, сүйлөшүүлөр жүрөт» деп айтышты. Кийинчерек россиялык Megafon компаниясынын президенти, вице-президенти жана аткаруучу директору келди. Жолугушууда россиялыктар Текебаевден: «Убада кылгандан кийин аткарыш керек, бизге сатыш керек» деген сыяктуу жана башка өктөм үн менен талаптарды койду. Текебаев жооп катары: «Бизди жогору жактан угуп атышат» деди алардын сумманы ачык айтпоосун өтүнгөндөй. Андан соң ал (Ө. Текебаев) мындай деди: «Мына Абдрахманов — биздин эң жакшы депутат, ал тажрыйбалуу, комиссиянын төрагасы, ал 100% акцияны алат, андан соң биз силерге беребиз». Мен: «Эгерде силер бай болсоңор, аукционго катышкыла да утуп алгыла. Биз аукционго коөбуз» деп айттым. Ошону менен таркадык. Бирок, кийинчерээк Чотонов өзү алар миллион доллар алышканын тастыктады. Мен бул аракеттин туура эмес экенин, ал коррупция болорун айтып, андыктан алар менен бул ишке катышпай тургандыгымды айтып, урушуп кеттик. Биздин мушташ, талаш-тартыштар — бардыгы ошол жактан чыкты», — дейт Абдрахманов.
49% гана улутташтырыла турганы жана калган 51%дын ээлери белгисиз экендиги тууралуу билдирүү жалган болчу. «Мегакомдун» 51%ынын ээсин жаап-жашыруунун арты менен чындыгында эле кимдир-бирөөлөр ири суммада акча алышкан. Буга ошол убактагы мародерлор менен Баш прокуратуранын кураторлорунун жетишээрлик бай адамдарга айланып чыга келиши ачык мисал боло алат.
Текебаев жана анын командасынын «Мегакомдун» 51%ын улутташтырбай калууга жасаган көмүскө аракети
Жогорку Кеңештин эки жолку түзүлгөн депутаттык комиссиясы уюлдук компаниянын 49%ы гана улутташтырыла турганын туура эмес деп баалаган. Алардын чечимдеринде: ««Альфа Телекомдун» 100%ын мамлекетке өткөрүү үчүн бардык керектүү чараларды кабыл алуу керек», «КР Баш прокуратурасына «Альфа Телекомдун» 100% акциясын мамлекеттин пайдасына конфискация кылуу тапшырылсын» деп айтылган. Бирок, тилекке каршы эч кандай депутаттык комиссия «Мегакомдун» айланасындагы кырдаалды өзгөртө алган эмес. Ошол окуяларга күбө болгондордун айтуусу боюнча Текебаев жана анын айлана-тегерегиндегилердин таасири өтө жогору болгон.
2010-жылдын 7-майында Башкы прокуратуранын тергөө тобунун ошол убактагы жетекчиси Арпачиев (кийин Салянованын жеке жардамчысы жана Баш прокуратуранын тергөө башкармалыгынын начальниги болгон, АКСтин кызматкерлери тарабынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган) өзүнүн токтому менен «Альфа Телекомдун» 51% акциясын «Пенвел» компаниясынын өкүлү Р. Рыкуновага башкаруу укугу менен кошо берген. Факты жүзүндө ошол убакта Максим Бакиевдин мурдагы бизнес-өнөктөшү жана Кыргызстандын жогорку кызматта отурган чиновниктеринин бирине пара берген компания мамлекеттин ири уюлдук компаниясын башкарып калат.
Анан «Мегакомдун» 51% акциясын «Пенвел» офшордук компаниясына юридикалык жактан да өткөрүп берүү аракети башталат. Түрдүү соттук инстанциялардын чечимдери менен «Мегакомдун» 51%ы «Пенвелге» бекитилип берилет.
Эске сала кете турган нерсе, ошол убакта, тактап айтсак 2010-жылдын июнь айында өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн коогалаңдан улам элибиз мүңкүрөп турган эле. Өлкөнүн стабилдүүлүгүнө, бүтүндүгүнө коркунуч туулуп турган. Карапайым элибиз бири-бирине жардам кылып, биринин башын бири жөлөп турган чакта айрым саясатчылар өздөрүнүн парламенттик шайлоо алдындагы кампаниясы үчүн акча чогултуп алышты.
Мындай аракеттерден башка партиялар деле сырткары калган эмес. 2010-жылы бул уюлдук компания өз финансысын бекемдеп алууну көздөгөндөрдүн саан уюуна айланган. Эгерде Абдрахманов айткандай «Пенвел» компаниясы менен Текебаев өзү иш жүргүзсө, Максимдин досу А. Елисеев менен Аида Салянова мамиле кылган.
Салянова юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп туруп, 2010-жылдын 28-июнунда өзүнүн №58 буйругу менен Елисеевдин адвокаттык лицензиясын жаңыртып берген. Кийин адвокаттык лицензияны узартуу үчүн жазылган арызды Елисеев өзү жазбаганы билинди. Демек, мыйзам бузулган. Мындан тышкары ошол убакта Елисеев издөөдө жүргөн, Убактылуу өкмөт болсо анын кайда жүргөнүн көрсөтүп бергендерге 100 миң доллар бере турганын жарыялаган. Бул дагы Салянованын Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуусуна тоскоолдук жарата албаган.
Ал жаңыртылган адвокаттык лицензия менен Алексей Елисеев Рига шаарында жашап туруп,CentralAsiaConsultihgюридикалык компаниясын түзгөн. Аны менен 2013-жылдын 11-октябрына чейин ал адвокаттык лицензиясын легалдаштырып алуу менен чет өлкөлөрдө каалагандай юридикалык макулдашууларды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ошол эле убакта «Мегакомдогу» өз кызыкчылыгын коргоо мүмкүнчүлүгүнө да ээ болуп турган. Ошондой эле ал адвокаттык лицензия 2013-жылдын аягына чейин Елисеевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк бербей келген.
Раушан Рыкунованын айтымында Аида Салянова «Мегаком» компаниясынан уурдалган көптөгөн миллиондук каражаттарга байланыштуу кылмыш ишти атайылап токтотуп турган. «Салянова мыйзамды тебелеп, “Мегакомдун” ишинде өзүн абдан активдүү алып жүргөн. Бул процесске катышкан менин укугумду да тебеледи. Башкалардын да укугун бузду. Бирок, ал өзүн кур калтырган жок. Мунун баары анын моюнунда, бүгүн “Мегаком” менен болуп жаткандын баары Аида Салянованын күнөөсү. Ал жөн гана Текебаевдин рупору. Мен “Мегакомдун” артында Салянова турганын түшүнгөм. Анын артында болсо Текебаевдин адамдары жана Текебаев өзү турат. Абдан ыңгайлуу болгон да: Шыкмаматов — юстиция министрлигинде, мамлекеттик мүлктө, “Мегакомдун” өзүндө өз кишилери, Баш прокуратура аларды калкалап турган», — дейт Рыкунова.
2011-жылы КР Жогорку Кеңеши «Альфа Телеком» компаниясынын улутташтырылган 49% акциясы менчиктештирүүгө жата турганын көрсөткөн токтомун кабыл алды.2012-жылдын башында «Альфа Телекомдун» 100% акциясына ээ болууга Европадагы «ТелиаСонера» ири теле-коммуникациялык компаниясы кызыга баштаган. Өмүрбек Абдрахмановдун сөздөрүнө караганда мындай жагдай Текебаевдин милдеттерин аткаруусуна мүмкүнчүлүк ачкан, башкача айтканда «Пенвел» компаниясынын өкүлдөрүнө «Мегакомдун» үстүнөн көзөмөл кылууну кайтарып берүү милдеттенмеси. Ошондой эле бул 51%ты сатуудан ага талапкер болуп жаткандардын кызыкчылыгын жүзөгө ашыруу менен үлүш алып калуу максаты болгон.
Ошентип 2012-жылдын 18-январында Айдар Калиевдин «Пенвелдеги» достору жана Максим Бакиевдин компаниясындагы өкүлдөр бир пикирге келишип, тынчтык келишимин бекитип берүү өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Алар эми андан кийин соттошпой, «Мегакомдун» улутташтырылбай калган 51%ын бирге сатууга макул болушкан.
2012-жылдын 9-февралында жогоруда көрсөтүлгөн соттук чечимдердин негизинде юстиция министрлигинде катталган документтеринде ошол убакта министр болуп турган А. Шыкмаматов тарабынан өзгөртүүлөр киргизилген. Тактап айтсак «Пенвел» компаниясынын менчигине «Мегаком» уюлдук операторунун 51% үлүшү бекитилип берилген. Ошентип «Пенвел» «Мегакомдун» 51% үлүшүнүн ээси болуп калган. Эксперттердин айтымында Максимдин компаниясына «Мегакомду» саткандан кийин үлүш берүү убада кылынган. Ошол эле убакта алардын кызыкчылыгын жүзөгө ашырууга көмөктөшүп атышкан кыргыз чиновниктеринин «эмгегин» да унутта калтырбай турган болушкан.
Мына ушундай жол менен 2012-жылдын жазында Текебаев жана анын командасы «Пенвел» компаниясынын жана бакиевдик компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө барып, финансылык көз боемочулукту пландашкан. «Мегаком» уюлдук компаниясы сатыкка даяр болуп калган.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда 2012-жылдын 2-майында «Альфа Телеком» компаниясынын 100% акциясын «ТелиаСонера» компаниясына сатуу үчүн документтер даярдалып, макулдашылып да калган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча «Мегакомду» сатуу баасы 350 млн долларга бааланган.
Мына ушул сумманы эске алганда 49% улутташтырылган үлүш 170 млндон ашуунга бааланышы керек эле. Ал эми «Пенвел» жана Максим Бакиевдин компаниялары 180 млн доллардын тегерегинде акча алышмак. Бирок, «ТелиаСонера» компаниясы кырдаалды туура баамдап, «Мегакомду» сатып алуудан баш тартты. Андан кийин бир нече жылга жабык турган бул маселе журналист Кейт Коэндин JusticeInformationNetworkюридикалык сайтынан алынган материалдардын негизинде жазган макаласы аркылуу ачыкка чыкты. Андан кийин «Белизгейт» чыкты. Бирок, Текебаев жана анын командасы бардык фактылар ачык көрүнүп турса дагы, ар кандай жолдор менен актануунун гана үстүндө аракетти кылышууда.
Жекшенбек Абдысатаров