«Менин кардарларыма 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга тыюу салган мыйзам жок. Ооба, соттук териштирүү жүрүп жатат, бирок Текебаевге да, Чотоновго да соттолгон жок “, – деди адвокат.
Белгилей кетсек, биринчиси да, экинчиси дагы шайлоо өнөктүгүнө жетинчи чакырылыштын талапкерлери катары катышуу ниетин билдире элек.
2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сегиз жылга эркинен ажыратылган. Бардык инстанциялардагы соттор аларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табышты. 2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кароого жиберген. Алар үй камагына чыгарылышкан.
Булак: Кыргыз тудей