БШКнын чыгарган алдын-ала жыйынтыгы боюнча көпчүлүк аймактарда «КСДП» партиясы алдыга озуп чыккан. Ал эми анын артынан «Кыргызстан» жана «Республика-Ата Журт» партиялары үзөңгү кагыша келишкен. Шайлоого жалпысынан шайлоочулардын 56 пайызы катышкан. Төмөндө биз алдын-ала жыйынтыкты жарыя кылабыз:
Ош: КСДП — 30.61%, «Кыргызстан» — 15.73%, «Мекеним Кыргызстан» — 11.89%, «Республика-Ата Журт» — 9.74%, «Бир Бол» — 8.52%, «Өнүгүү-Прогресс» — 8.08%. Каракол: «Табылга» — 28.51%, КСДП — 13.99%, «Кыргызстан» — 10.25%, «Республика-Ата Журт» — 8.89%, «Өнүгүү-Прогресс» — 8.31%. Балыкчы: «Замандаш» — 20.87%, «Кыргызстан» — 13.42%, «Республика — Ата Журт» — 11.25%, КСДП — 11.11%, «Өнүгүү-Прогресс» — 9.46%. Кемин: КСДП – 35.74%, «Республика — Ата Журт» — 17.42%, «Замандаш» — 10.13%, «Өнүгүү-Прогресс» — 8.50%, «Улуу Кыргызстан» — 8.37%. Токмок: КСДП 36.75%, «Кыргызстан» — 20.03%, «АК» 11.79%, «Республика — Ата Журт» — 10.45%. Майлуу-Суу: «Республика-Ата Журт» — 40.21%, КСДП — 37.98%, «Өнүгүү-Прогресс» — 9.97%, «Ата Мекен» – 7.91%.
Мына ушул цифралардан эле кайсыл партиялардын дарамети канчалык болгонун баамдоого болот. Баарынан кызыгы, эгемендүү Кыргызстаныбыз жашташ болуп келаткан «Ата Мекен» партиясы болгону бир гана шаардан 7%дык босогону аттай алды. Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол шаарларынын шайлоочулары «Ата Мекен» партиясына ишеним артпай тургандыктарын добуш берүү менен эле билдирип коюшту.