Домой Тагдыр Ата-энемдин айтканы: “Сендей бузулган кызым жок. Сен бул үйдү денеңди сатып...

Ата-энемдин айтканы: “Сендей бузулган кызым жок. Сен бул үйдү денеңди сатып алгансыңда. Кечтим сенден!» Бирок…

104

Кетпегиле… кетпегиле деп жалындым. Алар кетип калышты. Ошол күндөн тарта жүрөгүмдүн жаны жок жашап жүрөм»- деп сөз баштады каарманыбыз. Анда кеп башынан болсун.

-Мен үй-бүлөдө жалгыз кыз болчум. Ата-энем менен абдан бактылуу жашаар элек. Мен 6 жашка чыгып, атам мектепке алып барган күндү өзгөчө көп эстеймин. Анан дайым кулагыма “Мен сени жакшы көрөм. Сен менин жүрөгүмсүн!”-деп шыбырачу. Күн сайын ушул сөздү угаар элем. Апам бала бакчада, атам мектепте иштечү. Кечинде мени эркелетишип, сабак окутушаар эле. Мен да мектепте абдан жакшы окудум. Жылдар өтүп, мектепти аяктадым. Бирок, мага шерик бир тууган болуусун каалаганым менен апамдын ден соолугуна төрөө зыян экенин врачтар айтышып, ата-энем жалгыз мен деп күн өткөрүп жүрүштү. Борборго жогорку окуу жайга тапшырып окуп калдым. Айылда калган ата-энемди сагынып ыйлап жүрүп акыры көндүм. Курбуларым сабак окуп отурган кезде мен дайыма ата-энемди шаарга алып келүүнү ойлоор элем. Себеби, мен аларсыз, алар менсиз жашай албай тургандай сезилчү. Ошентип, шаардан жакшы жумуш таап, стажировка өтөдүм. Орус тилин мыкты билгеним жетекчиге жагып, 18 жашымда белгилүү бир бизнесмендин катчысына айландым. Жетекчим абдан билимдүү адам эле. Мага жашоого болгон баардык шарттарды түзүп берип, чын дилден кызмат кылсам чоң суммадагы акча төлөп берээрин айтты. А мен айылга көп барбай, талаптагыдай иштедим. Каникул учурунда курстарга окуп жүрөм деп ата-энемди алдап журдүм. Ал жерде 3 жыл иштеп, борбордун четинен 2 бөлмөлүү үй алып, ата-энемди көчүрүп келдим. Аларга “Силерсиз жашай албаймын. Менин жаныма көчүп келгиле, батирде чогуу жашайбыз, болбосо окуумду таштаймын”-дедим. Алар менин тытынып, кагазга үңүлүп иштегенимден кабарсыз эле. Эрке кызынын көңүлүн кыя алышпай, мен тапкан батирге көчүп келишти. Ал менин ак эмгек менен тапкан акчама сатып алган үйүм экенин айтпадым. Кубанычым койнума батпай жетекчиме ыраазычылык айтып, окуумду улантаарымды билдирдим. Бирок, тажрыйба топтоп калган кызматкерди кетиргиси келбей мурдагыдан да көбүрөөк акча төлөп берүүсүн сунуштады. А мен жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү тилегим, окушум керек экенин айттым. Ал нааразы болгондой кала берди. Биздин үй-бүлө кайрадан бактылуу жашап жаттык. Окуумду да акча берип бүтүрүп жаткан элем. Эми кадимкидей сабакка барып 4-курста окуп калдым. Жүрөк эзген сагынычтан кутулуп, сабактан чыгаарым менен үйгө шашам. Себеби, апам таттуу тамак жасап, атам жол карап күтүп турат. Эх аттиң! Менин бакыттарым, жакшыларым менин! Ошондой таттуу күндөрдүн биринде курсташ Оштук баланы жактырып калдым. Эсимде, ошол күндөн тарта менин жашоом түркүн түскө боелуп, асмандын жетинчи кабытында жашап жүрдүм. Бул кубанычтарым көпкө созулбады курсташым Бакыт экөөбүз турмуш жолуна аттаналы деген чечимге келген күнү атам үйдүн документтерин таап алып чоң жаңжал чыгарып, кандай жол менен акча тапканыма кызыкты. Мен баарын айтсам ишенбеди. Апамды ээрчитип, “Сендей бузулган кызым жок. Сен бул үйдү денеңди сатып алгансыңда. Кечтим сенден!” чыгып кетишти. Канчалык чырылдаганыма карабады. Айылга барсам жолотушпады. Эми окуумду аяктап, Бакыт менен баш кошом деген тилегимди таш каап 3 ай үйдөн чыкпай жаттым. Бир күнү түшүмө атам менен апам кириптир, алар мага таарынып алыска кетип жатат. Мен артынан “кетпе, кетпегиле апаке, атаке!” деп ыйласамда болбой кетип калышты. Чочуп туруп айылга жөнөдүм. Барсам чын эле атам менен апам авто кырсыктан каза болушуптур. Андан башкасын билбеймин! Канча жатканымда белгисиз мага. Ооруканада көп жолу жанымды кыюуга аракет кылганымда дарыгерлер алып калышты. Анан туура эле психикалык оруканага жөнөтүштү. Ал жерде бир жылдай жатып калдым. Ал аралыкта Бакытым 2 жолу келип, тим болду. А мен болсо кумайыктай жашап жүрдүм. Ооруканадан чыгып, ата-энемин бейитине бардым. Отура берип уктап калыпмын. Түшүмө дагы атам кирип менден кечирим сурап жатты. Бирок, мен кечире албадым. Ойгонсом кеч кире баштаган экен кыйкырып, кыйкырып ыйладым. Экөөнүн бейитин ургулап каттуу чыңырдым. Менин ыйым мелтиреп турган талаага сиңип жатты… Кайра шаарга келип, жалгыз жашап калдым. Азыр 30 жаштамын. Жүрөксүз, мээримсиз, кубатсыз жашап жүрөм. Дагы канча жашайм билбеймин, эми эч качан менин жашоомдун маңызы, мааниси болгон ата-энем менен бирге бир үйдө отура албайбыз…