Домой Коом Ата чапкан жол менен

Ата чапкан жол менен

240

ата баласы

Түп районунун Түп айылынын тургуну Догдурбай Каптагаев учурда жоголуп кеткен кыргыз уяң жүндүү койлорду багып келет. Жашыл төрдө жамырата коюн жайып жүргөн фермердин иши менен таанышып жатып, баам салсак анын атасы өз учурунун алдыңкы чабаны экен.

Атасы Дүйшөн Каптагаев 1959-жылдан бери кой багып, убагында жүзүнө жүз кырк, жүз элүүдөн козу алган алдыңкы чабан болгон экен. Ал союз тарагандан кийин өзүнүн үлүшүнө тийген 35 койду алып, аны асырап багат. Тажрыйбалуу малчы кыргыз уяң жүндүү койлорунун барк-баасын билип, эл жапырт куйруктуу койлорго ыктап турганда да, эт багытындагы бул койдун тукумун сактап калган. Азыр ал ардактуу эс алууга чыгып, байбичеси менен бирге Түп айылында жашайт.

Бир жылдары 30 туут койду 300гө жеткирген карыя өкмөт тарабынан эч кандай көңүл бөлүнбөгөндүктөн, анын санын кыскарткан. Бирок, анын уулу Догдурбай акыркы 4-5 жылдан бери аларга кайра жакшы көңүл бөлө баштады. Жыл сайын таза кандуу кочкорлорду сатып келип, канын жаңыртат.

Догдурбай ага: “Бул кой кара койго караганда назик келет. Эмгекти, түйшүктү көп талап кылат. Ошентсе да эттүү, жүнү дагы сапаттуу. Учурда ага айыл чарба министрлигинен да көңүл бөлүнө баштады. Жүндү ортомчуларга сатып келебиз. Быйыл анын бир килосу 250 сомдон болду деп жатат. Бизге өз чыгымын жаап турса болду. Себеби, аларга козу кезинде витамин, бор, балык майын берүү керек”,- деп кобурады.

Түп айылында үлүш жер ар бир адамга 45 сотыхдан бөлүнгөн. Ал мал баккан киши үчүн өтө эле аздык кылат. Анын үстүнө, азыр ар ким эле өзү аракет кылып жерди ижарага бербей иштетет. Андыктан, фермердин тоют маселеси көбүнчө сатып алуу менен чечилет. Чөп Чүйдөн көп сатып алынат. Быйыл жазгы туутка 50 баш кой эксперименталдык кылып кармашты. Жылууланган сарай болбогон соң, көбү күзгү туут, төлдү октябрь, ноябрь айларында алат. Андыктан, козуларга кышкысын 3-4 тоннага чейин жем даярдашат.

Ата жолун улантып көзү тирүү турганда, анын сүйүктүү кесибин өткөнүп алган адам мына ушуларды айтып олтурду. Көрсө, Догдурбай Каптагаев өзү мугалим кесиби менен алгач Кара-Балтада, анан Каракол шаарында эмгектениптир. Анан атасынын улгайып баратканын, анын түйшүгүн көрүп, баарын таштап салып, өзү чоңоюп өскөн ушул кашарга келе берген. Үйдүн улуусу болгон менен, кичүү инисинин бул жакка келчү түрү болбогонун көрүп, ата конушуна жөнөгөн. Алгач ал келем дегенде, атасы да ишенген эмес. Бирок, ал эки жакты караган жок. Бала кездеги баёо турмушу өткөн тоолор аны өзүнө тартып туруп алды. 5 жылдан бери чарбаны колуна алып, болгон күчүн уяң жүндүү койлорду таза сактап калуу аракетине арнап келет.

аялы күйөөсү менен

Колуктусу Абдулаева Мира орус улутундагылар басымдуулук кылган Маяк айылында, шаардыктарча малдан алыс өссө да, калаа жашоосунан алыс кетип, фермердин жанында болуу жоопкерчилигинен баш тарткан жок. Ага түгөйү мал баккан кашарда шаардыктардыкынан кем калбаган шартын түзүп берген. Сууну насос коюп, 370 мерт жерден тартып келген. Мурдагыдай кыштын күнү азап чегип, чана менен суу ташылбайт. Ошентсе да, аял кишиге түйшүк жетиштүү. Алар төрт баласын ушул жерден тосуп алат.

Догдурбай малдын сырын билем деп ойлоп, компойгон менен анда-санда келген атасы анын дагы көптү биле элегин далилдеп кетет. Ал көп койдун ичинен ар бирин таанып, ооруганын ооругандай билет. Анын айтканы айтканындай келет, өлөт дегени өлөт. Өз учурунда бир короо койду энеси-баласы кылып тааныган атага жетиш кайда. Бирок, аракет кылсаң, берекетин көрөсүң да…

Жумагүл БАРКТАБАСОВА