Домой Коом Ата апамды жакшы көрөсүзбү, неге аны жерге көмүп таштадык?

Ата апамды жакшы көрөсүзбү, неге аны жерге көмүп таштадык?

316
Кечээ автобус менен үйгө бара жатканмын. Бир аялдамадан чамасы төрт жашар бала менен отуздан ашкан жаш жигит чыкты. Бала чыгып отураары менен атасынынбы, акесининби тизесине башын коюп ыйлай баштады. Көпчүлүк эркелеп аткан бала го деп эч ким деле анча маани бербеди. Жигит да катуу чарчагандай, туңгуюк ойго чөмүлгөн көздөрүн терезеден алаар эмес. Бир аздан соң бала: — Ата дейм, ата.. Сиз апамды жакшы көрөсүзбү? — деди, жеңинен тарткылап. Ушу сөздү угаары менен жигит бери бурулуп: — Ооба, балам, катуу жакшы көрөмүн! — дегиче, — Андай болсо неге аны жерге көмүп таштадык?! Эми апамы такыр көрбөйбүзбү? — деп, мурдун шуу тартып, мөлтүрөгөн көзүнөн жашын аарчыганда, автобустун ичиндегилер бир-бирибизди тиктеп селейе түштүк. Кимдир бирөө сумкасынан конфет, дагы бирөө кичинекей оюнчук алып чыгып баланын колуна карматып алаксыта башташты, баарынын көзүнө жаш келе түштү. Атасы үнсүз баласын катуу бооруна кысып, өзүн-өзү кармоого катуу тырышканы менен эрки жетпей, көзүнүн жашын токтото албай үшкүрүнүп, кайра терезе жакты карап телмирди. Баарыбызга берилген кыска өмүр…

 Булак ok.ru