Домой Коом Ат-Башылык тургун жылкынын шыйрагынан кальций жасап сатууда

Ат-Башылык тургун жылкынын шыйрагынан кальций жасап сатууда

1151

Ат-Башы районунун тургуну Салтанат Ажыбаева жылкынын шыйрагын майдалап, тургундарга сатып жатат. Анын айтымында, сөөктүн бир килограммын 4 сомдон алат. Ал эми майдаланган сөөктү 40 сомдон (1 кг) сатат.

«2 жылдан бери сөөктү майдалап, кальций катары сатабыз. Атам 67 жашка чыгып калды. Бир жылдары буту аксап калган. 6 ай майдаланган сөөктү айранга кошуп ичип, жакшы болуп кеткен. Ошондон улам сата баштаганбыз.

Малга башка, адамдарга башка жасалат. Кыргызда жакшылык-жамандыкта көп жылкы союлат эмеспи. Андайда билгендер жылкынын 4 шыйрагын алып келишет. Биз анын терисин сыйрып, сөөктү 1 күн кайнатабыз. Анда сөөктүн майы менен чарымы бошойт. Жууп-тазалап, суусун алмаштырып, кайра таза сууга дагы 1 күн кайнатабыз. Үчүнчү күнү күнгө же нан бышыргычка кургатабыз. Нан бышыргычка катуу кургатканда дагы болбойт. Витаминдери өлүп калат. Анан баштыктарга салып сатабыз. Негизи 1 киши 1 жылда 1 кг майдаланган сөөктү суюктукка кошуп ичиши керек. Ошондо бир жылда 3 ай ичип койсо болот.

1 кг 600 сомдон айланып калат. Эртең менен жана кечинде 1 чыны айранга 1 чай кашык кошуп, ичип алышы керек. Айранда Д витамини бар. Экөө кошулганда адамдын организмине сиңет. Баасы кымбат дагы эмес, арзан дагы эмес», – деди ал.

Адистер мындай дары-дармектерди дарыгерлердин көзөмөлү менен гана ичүүнү сунуштайт.

булак: turmush.kg