Буга чейин ишкана сезондо гана иштеп, күз-кыш мезгилинде чийки сүттүн жоктугунан маал-маалы менен өндүрүш токтоп турган.
“Ат-Башы сүт” ишканасы 2012-жылдан бери сүттү кайра иштетүү боюнча эл аралык стандартка ылайык голландия, чечил сырын, моцарелло жана май өндүрүп келет. Сезондо суткасына 10 тонна сүт өндүрсө, күз-кыш мезгилинде чийки сүттүн жоктугунан маал-маалы менен өндүрүш токтоп турган. «Ат-Башы Сүт» ишканасынын сүт-товардык комплексин куруу пландалууда. Башкача айтканда, 130 швейцариялык сүттүү бодо малдан турган ферма негизделет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Эми сүт-товардык комплексин курууда ишкананын жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, 45 адам жумуш орду менен камсыздалат. Заводдун кубаттуулугун да суткасына 20 тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Эгерде азыр сыр өндүрүүнүн көлөмү сезондо 70-80 тоннаны түзсө, жетиштүү көлөмдө чийки сүт менен камсыздалгандан кийин жылына 200-300 тоннага чейин чыгарылышы мүмкүн. Натыйжада голландия сыры чет өлкөгө экспорттоло баштайт», — деп билдирди министрлик.