Домой Саясат Ат-Башы районунун ардагери Курманбек Садыбакасов: Баарыбыз ынтымакта өлкө башчылыкка татыктуу Сооронбай Жээнбековду...

Ат-Башы районунун ардагери Курманбек Садыбакасов: Баарыбыз ынтымакта өлкө башчылыкка татыктуу Сооронбай Жээнбековду шайлап алалы!

69

dapoxetine. sadybakasov Kurmanbek

Сооронбай Жээнбеков өтө сабырдуу, өтө жөнөкөй киши. Ал ата наамын бийик сактаган, ынтымактуу, көп балалуу үй-бүлөдө өскөн, тарбиясы катуу, адилет, адамгерчиликтүү адам. Калпты жаман көргөн, ар убак боло турчу сөздү сүйлөгөн инсан, деп билдирди Нарын областынын Ат-Башы районунун ардагери Курманбек Садыбакасов Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун эл менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков жөнүндө улуу-кичүүдөн, карапайым дыйкандан баштап, эң улуу жетекчилерге чейин сүйлөшкөндө дайыма оң, жакшы жактарын айтышат. «Бизде 25 жылдан бери эркиндик, кимде-ким оюна келгенди, жада калса оюна келбегенди да сүйлөй алат. Айрыкча басма сөздөр ар кандай ушактарды токтоосуз таратып турабыз. Ал эми бул үй-бүлө, Сооронбайдын бир туугандары, өзү жөнүндө бир жаман ооз сөз жок. Демек, бул адамгерчиликтин жогорку сапатын көрсөтөт», — деп айтты аксакал.

Ал президент Алмазбек Атамбаев Татарстанга болгон иш сапарында маек берип жатып, Сооронбай Жээнбековду 2010-жылы Кыргызстанды сактап калган кыргыз уулдарынын бири катары мүнөздөгөнүн эскертти. «Сооронбай Жээнбеков эң ылдыйкы кызматтан эң жогорку кызматтарга чейин жолду басып өткөн. Бул дагы бирден-бир колдой турган сапат. Ал катардагы зоотехниктен баштап, өкмөттү башкарганга чейин барды. Өзү айтты: «Мен Ала-Тоонун уулумун — кыргызымдын кулумун» деп. Мына ушул сөзү үчүн эле добуш беришибиз керек. Сооронбай биздин мүдөөбүзгө жеткирет, кош колдоп добуш берели! Ат-Башы эли ынтымакта өлкө башчылыкка татыктуу бир Сооронбай Жээнбековду шайлап алалы!», — деп ардагер ат-башылык жердештерин чакырды.

Даярдоочу:  «Айбат Аймак»КФ Токтогул көчөсү 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.