Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 3 миллион 48 миң сом киреше тапкан.
Декларацияга ылайык, Жээнбеков 1500 чарчы метрлик үйгө ээлик кылат. Учурда курулуп жаткан 3500 чарчы метрлик объектиси жана башка 9700 чарчы метр конструкциялары бар. Ошондой эле «Бий-Мырза» ЖЧКсынын 100 пайызын, «Алтын-Көл» акционердик коомундагы 91 пайыздык үлүшүн, Айдарова Г.К деп аталган ишкананы ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергени айтылат.
Эл өкүлү 350 миң сомго бааланган жылкынын, 440 миңдик бодо малдын, 250 миң сомдук кой-эчкинин ээси. Андан тышкары, 350 миң сомдук бал челек кармап, 210 миң сом турган акцияга ээлик кылат. Жалпы наркы 410 миң сом турган эмереги жана 135 миң сомдук тиричилик техникасы, 170 миң сомдук фото, аудио-видеотехникасы жана башка техникаларынын наркы 550 миң сомго жетет.
Булак: Спутник