Бул экөөнүн Кыргызстанда кыбыр эткендин баарына таасири өзгөчө күчтүү. Асылбек Жээнбеков бийликтин күчү менен өзгөчө таасирге ээ болсо, Матраимов акчанын күчү менен таасирлүү. Мына ушул экөөнүн ортосунан кара мышык өтүп, каршылашып калыптыр деген сөз көптөн бери жүрөт. Бул сөздө чындык бар экени акыркы кездердеги локалдык мүнөздөгү чыр-чатактар ырастап жатат. (Булардын бироосу «Биримдик» партиясын, экинчиси «Мекеним Кыргызстанды» суйроп жатканы да каршылашуунун себептеринин бири…)
Карап көрүңүз эми:
«Кактустун» жазуусуна караганда, 25-февралда Каракол шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаевди өзүнүн коллегасы Тууганбек Чолпонбаев сабап койгон. Жаңжал Караколдун мэри Адыл Каниметовдун жылдык отчетун жактыруу, жактырбоо маселесинен чыгат.
Белгилеп кете турган нерсе Адыл Каниметов президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Жусуп Шариповдун күйөө баласы. Азамат Айтбаев президентке да, Асылбек Жээнбековго да күйөө бала мэрдин отчетун кабыл алууну жактаса, Тууганбек Чолпонбаев каршы болот. Мына ошонун айынан мушташ чыгып, Айтбаев таяк жеп калат.
Кызыктын баары, Тууганбек Чолпонбаевдин «Мекеним Кыргызстандын» Караколдогу штабын жетектеп жатышында болуп чыгууда. «Мекеним Кыргызстанды» Раим Матраимов көптөн бери таптап келатканы көпчүлүккө болбосо да саясатка кызыккандар адамдарга белгилүү болуп калган. (Бир аздан кийин Азамат Айтбаев «Биримдиктин» активистти болуп чыкса, таң калуунун кажети деле жок болот…)
Ошто спорт-криминалы аралашкан Кылычбек Саркарбаев жана Төлөгөн Рахманберди уулунун ортосундагы ок атышуу, бири-бирин коркутуп-үркүтүп сабоо да саясатка барып такаларын мына ошол балдар өздөрү кыйыткан жайы бар. Бул балдар Алайдагы карапайым элди да жаңжалдарына аралаштырып уят кылды. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү Алайга барып, эл менен жолугушуп сабалган Төлөгөн Рахманберди уулун айыптууга чыгарды.
Раим Матраимовго жакын Кылычбек Саркарбаев кызматынан гана бошоп турмак болду.Бул жерде Раим Матраимов жеңишке жетишкендей болду. Анткени Матраимовго тап койгон Төлөгөн Рахманберди уулу дайынсыз качты, Төлөгөндү колдоп чыккан Алайдагы эл сөзүн артка алды.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Асылбек Жээнбеков менен Раим Матраимов мына ушунчалык «сабашып» жатышат. Жогорку Кеңештин чоң аламан байгесинде кантишер экен?..
Айданбек Акматов, журналист