Домой Коом Ассоль асмандан түштүбү…

Ассоль асмандан түштүбү…

109
Оор кырдаалда баары жардамга келгени оң. Бирок, элдин атынан чыгып сүйлөбөй эле “жеке пикирим” деп пост жазса эмне болот. Айталы дегенибиз пиарды жакшы көргөн Ассоль Молдокматованын өкмөткө жолдогон кайрылуусу болду.

Ассоль айым жалпы Кыргыз элинин атынан кайрылуу жасаганга акысы бар беле же жокпу. Ансыз да кыйналып, бирок чыдап иштеп аткан кызматкерлерге күйүмүш болуп, өзүн пиар кылып упай издебей деле койсо болмок. Ассоль айым кайрылуусу эле эмес, талаптарды таап коюптур!!! Алардын айрымдарына саресеп салып көрсөк. Биринчи эле талабы дарыгерлерди атайын кийим, маска менен камсыз кылсын дептир…. Ассоль эжекебиздин эсине сала кетели бул тууралуу өкмөт өткөргөн брифингде толук маалымат берилген же аны Ассоль айым укпаса керек… Андан кийинки акылга сыйбаган талабы, карантиндегилерге комфорттук абал түзүп бергиле дептир… Ассоль айым карантин кандайдыр бир ыңгайсыздыктарды жаратканы үчүн “карантин” деп аталарын билбесеңиз керек… Карантин-бул шоувумен жатчу беш жылдыздуу мейманкана эмес экенин унутпаңыз дейт элек… Дагы Ассоль айымдын талаптарын талдай берсең дагы чыга берчүдөй… Ошондуктан, ансыз да “дүрбөлөңгө алдырбайлы”, “эл тынчтыкта бололу” деп жамы журт аракет кылып атканда суу кечпеген талаптарыңызды кое туруңуз деп айтаар элек. А өзүңүздү элдин атынан өкмөткө кайрылуусу, талабы жок эле пиарлаганга убакыт келет… Дагы жакшы, башка өлкөгө салыштырмалуу биздин бийлик, колунда бар байлар жакшы жардамдарын берип жатышат. 21-мартта Ала Тоо аянтында өздөрү беткап тигишип бекер тараткан кыз-келиндер жүрөт. Сизге окшогондор курсөз менен алек болуп, өзүлөрүн пиар кылыгысы келип жүрөт. Эмне ошол кыз-келиндерге кошулуп беткап таратсаңыз Сизге болбойбу? Силердин эмнеңер артык дейбиз да. Болбосо, Ассоль айым асмандан түшүп келгенсип, азыркы биздин абалды көрүп туруп ай, тоонун талап кылып калганын караңыз…

Булак: fakt.kg