Домой Саясат Асрандиевди издөөгө жергиликтүү тургундар дагы кошулду

Асрандиевди издөөгө жергиликтүү тургундар дагы кошулду

60

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди Тору-Айгыр, Чоң-Сары-Ой жана Тамчы айыл аймактарынан алтымыштай киши издеп жатат.

Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди. Аким катуу толкун издөө ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Учурда тез жүрүүчү бир кеме, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Мөлтүр» жана Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденциянын «Москва» кемеси издөө иштерине тартылды. Каракол шаарынан да ӨКМдин суучулдары келди.

Өкмөт башчы Ысык-Көлдүн Тоң районунун Кара-Талаа айылынан сүзүп жөнөгөн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди издөө иштерин активдүү жүргүзүүгө буйрук бергени маалым болду..