Вице-премьер Эркин Асрандиев Өкмөт сырттан алынып жаткан жардамдардын кандай сарпталганы боюнча ар биринин отчётун бере албасын жар салды.
Бул туурасында: «Сырттан алынган жардамдардын сарпталашы боюнча маалыматтардын отётун көрсөтүү сунушу болду. Бирок азыркы система аны жасоого жол бербейт. Көзөмөл боюнча айтсак, Эсеп палатасы, башка дагы көзөмөл органдары, Жогорку Кеӊеш бар», – деп билдирди.Ал өз сөзүндө ЭВФ (Эл аралык валюта фондунан) алынган 120,8 миллион доллар бюджеттин чыгымдарын жабууга которулганын белгиледи.
Булак: «Фабула»