Кайран Тилек байке! Бардык акындар, жазуучулар, дегеле китеп окуп, китептин барк-баасын түшүнгөн баарыбыз сизден айрылганыбызга ыйласак, жоктосок жарашат. Меценат, демөөрчү деп көп айтабыз. Чыныгы меценаттыкты сиз чыгармачылыкка карата көрсөттүңүз. Чыгарма жазган канча адамдын ажаатын ачып, китебин бекер же арзан чыгарып, канча деген мыкты чыгармаларды өзүңүздүн демилге менен чыгарып турдуңуз.
Кыргызда басмакана иштетип ишкерлик кылгандардын жоон тобу бар. Бирок сиздей сезимталын учурата элекмин. Себеби, сиз китеп окуган, жакшы-жаманын анализдеген адам элеңиз. “Агымда” иштеп турганымда тааныштык, жакшы сүйлөшчү элек. Сиз ар күнү таң атпай гезит базардан гезиттердин баарын алып окуп турчусуз. Жолукканда кеп-кеңешиңизди айтып калчусуз. Кокус жаккан китеп же кол жазма колуңузга тийип калса, аны кайра окутуп көрүп, өзүңүз эле басып чыгарчу элеңиз. Эсенбай Нурушев байкеге ушундай китептерди окутуп чыгарып жүргөнүңүздү билчү элем. Элге жетсин, эл окусун деген ой дайыма сизде биринчи орунда болчу.
“Арча” адабий сыйлыгын уюштуруп, мыкты чыгармаларга 100 миң сомдон сыйлык бергендер азыркыга чейин жок. “Ала Тоо” адабий журналын көкүрөккө багып, бапестеп чыгарып келгениңизчи…кайсы бирин айтайын, байке…
Эки жылча мурда ылайыктуу жумуш жок, сизге бардым. Көпкө сүйлөшүп отурдук. Мыкты балдар журналын чыгарсам деген оюңуз бар экен. Дүйнөнүн көп өлкөсүн кыдырганыңызды, ар бир өлкөнүн үй-бүлө, тарбия, билим берүү чөйрөсүнө олуттуу көңүл буруп изилдеп келгениңизди айтып, бардык өзөктүн башаты балдарга таалим, тарбия берүүдөн башталаарын айтып, ошол журналга ишке ала турганыңызды айтып узаттыңыз эле. Аттиң, ошол оюңуз ишке ашпады…
Ышкылуу балыкчы да элеңиз. Балык уулап Монголияга чейин кирип кеткениңизди угуп таңгалчу элек.
Бир жолу бир топ адамдар менен “Монте-Карло” деген терезеси жок клубда далайга чейин бильярд ойноп, шарларды укмуш атып, жүз граммдашканыбыз эсимден чыкпайт. “Будем делать как вчера!” деп туруп кооз таштарды лузага катарынан айдачу элеңиз.
Акыркы кезде ден соолукка карап, чуркап, арыктап калганыңызды көрүп кубандым эле, байке. Деги эмне болуп кетти? Сиз иштей турган, чыныгы чыгармачылыктын чордонуна эми келдиңиз эле. Эртең менен жаман кабарды угуп, сыздап калдык, Тилек байке…
Айрыкча мыкты досуңуз Жедигер байке кантип жатты экен?.. Жедигер байкеге жолуккан сайын “Тилекке баратам”, “Тилекти да чакыралы” деп турар эле.
Кош болуңуз, байке…