Домой Коом Аскер прокуратурасы Атамбаевдин дарыгеринин сабалышы боюнча тергөө ишин баштады

Аскер прокуратурасы Атамбаевдин дарыгеринин сабалышы боюнча тергөө ишин баштады

852

Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарыгеринин сабалышы боюнча тергөө ишин баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, үстүбүздөгү жылдын 18-февралында аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 321-беренеси (“Бийликтен аша чабуу”) боюнча катталган.

Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Эскерте кетсек, социалдык тармакта 2019-жылы август айында Кой-Таштагы окуялар учурунда тартылган видео тараган. Анда “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлери эркек адамды сабап жаткандыгы байкалат. Кийинчерээк жабыркаган жаран Атамбаевдин жеке дарыгери болгону айтылган.