Аскар Салымбеков ѳзүнүн социалдык баракчасында ал тууралуу жалган маалыматтарга жооп кайтарды. Маалыматта социалдык тармактарда, айрым сайттар фейк маалыматтарды таратууда дейт ал.
« Ушак-фейктин да чеги болот!
Урматтуу достор! Акыркы учурларда социалдык тармактарда, айрым сайттар мен тууралуу чындыктын үлүшү жок, ойдон чыгарылган маалыматтарды удургутуп жатканын окуп калдым. Биринчиси, менин Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы казып жаткан алтын кенинде үлүшүм бар имиш. Экинчиси, мен мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаевага 3,5 млн. долларга вилла сатып берген имишмин.
Булардын баары карандай калп. Андыктан, фейк-ушактын да чеги болот. Эгер, ушул эки факты боюнча иликтеп, таап чыгышса-ошол акциялар менен вилланы тапкандарга энчилеп берейин.» -деп жазды Салымбеков.