Домой Саясат Асия Сасыкбаева: Солтон Сарыдагы ызы-чууда бийликтин болгон күчү ал жакка күч органдарын...

Асия Сасыкбаева: Солтон Сарыдагы ызы-чууда бийликтин болгон күчү ал жакка күч органдарын жөнөтүүгө гана жетти

76

Укук коргоочу Асия Сасыкбаева бүгүн өкмөт башчыга кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө «Солтон Сарыда жергиликтүү тургундар айласы түгөнүп, өз көйгөйүн өзү чечүүгө бел байлады, анткени жергиликтүү бийлик, мамлекеттик борбордук бийлик алардын кайрылууларына, өтүнүчтөрүнө көңүл кош карап, өзүнүн кемчилдигин көрсөттү»- деп бийликтин кемчилигин таамай айтып өттү.

«Урматтуу премьер-министр, 28 жылдан бери, биздин өлкөдө жаратылыш ресурстарын казып алууга лицензия алган чет элдик ишкерлер иштей баштагандан бери, мындай компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда тынымсыз күрөш жүрүп келет, буга алардын биздин өлкөнүн жарандарынын, кызыкчылыктарына, укуктарына жана экологияны коргоо, кыргыз мыйзамдарын жана Конституциясын сактоо тууралуу адилеттүү талаптарына болгон кайдыгерлиги себеп болууда.

Ушундай эле маселе бүгүн Солтон-Сарыда кайталанып турат, жергиликтүү тургундар айласы түгөнүп, өз көйгөйүн өзү чечүүгө бел байлады, анткени жергиликтүү бийлик, мамлекеттик борбордук бийлик алардын кайрылууларына, өтүнүчтөрүнө көңүл кош карап, өзүнүн кемчилдигин көрсөттү. Бийликтин болгон күчү ал жакка күч органдарын жөнөтүүгө гана жетти.

Биздин өлкөдө кандайдыр-бир окуя жүз бергенден кийин гана маселе чечилип калды, башка чара көрүүгө кесипкөйлүк жетишпейт, өз өлкөсүнүн жарандарынын алдында жоопкерчиликти моюнга алуу ниети жок. Ал эми бизде иштеп жаткан чет өлкөлүктөр тууралуу айтпай эле коелу. Алардын көбүн биз инвестор дебей койсок деле болот, анткени алар инвестициялабай эле, жергиликтүү уятсыз чиновниктер менен биргелешип алып, биздин кен байлыктарыбызды талап тоноп жатышат.

Биз премьер-министрди жана Солтон-Сарынын жергиликтүү бийлигин тургундарга зыян тийбегендей кылып, тынчтык жолу менен маселени жөнгө салуу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө чакырабыз. Тилекке каршы, биздин күч түзүмдөрүбүз акыркы убакта Баш мыйзамдан тарта бардык мыйзамдарды унутта калтырып, жогортон түшкөн буйрукту аткарып калышты.

Калктын саламаттыгына, Солтон-Сарынын, дегеле ошол аймактын экологиясына келтирилген зыянды иликтөөнү, айлана-чөйрөнүн мындан ары бузулушуна жол бербөө боюнча бардык зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, керек болсо, кен байлыкты жаап салууну жана күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылабыз.

Биз мындан кийин да, Нарын областында болуп өткөн окуяларга мониторинг жүргүзүп, жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча жергиликтүү бийликтин милдеттерин талапка ылайык аткаруусун көзөмөлдөп турабыз»- деди Сасыкбаева.