Кулпунай – мөмөлөрдүн ханышасы, даамдын ханайымы. Анын жыпар жыты эч кимди кайдыгер калтырбайт. Кулпунай таттуу жемиш гана эмес, ошондой эле табигат берген эң сонун дары.
Анын курамында канттын көп өлчөмү, витаминдер, фолий кислотасы, каротин, пектин, темир, кобальт, кальций, фосфор жана марганец бар. Кулпунай мөмөсү гипертония (кан басымдын жогору болушу), склероз, ич катуу, тамак сиңирүү начарлаганда жакшы жардамын берет. Ал организмдеги зат алмашууну жакшыртып, жүрөк, бөйрөк ооруганда жана аз кандуулукта шыпаа болот. Эгерде күн сайын ачкарын кулпунай ширесин ичип жүрсө, бул өт оорусун айыктырат. Кулпунай организмдеги ашыкча суюктукту чыгарып, канттын өлчөмүн азайтат. Ал карылыктын алдын алып, маанайды көтөрөт. Ал аял затында сезимталдыкты күчөтүп, махабат деңизинде эркин сүздүрөт. Байыртадан эле аялдар кулпунайды косметикалык каражат катары да колдонуп келишкен. Кулпунай бетке безетки, сепкил чыкканда, кара так түшкөндө эң сонун агартуучу жана сезгенүүгө каршы каражат катары колдонулат. Анын мөмөсү абдан таттуу экенине карабастан, аны кант оорусунан жабыр тарткандар да жесе болот. Кулпунай диетасы ашыкча салмакты жоготот.