Эки жыл мурда, ажобуз кадамдарын жаңыдан таштаганда тазаланмайлардын арасына БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да кирет чыгар деген божомолдор бар болчу. Бирок, президенттин ант берүү аземинен кийин күбөлүгүн берип, башка жол-жоболорун жасаган төрайымдын “мээнетин” эсине түйдүбү, же таасирдүү кеңешчилер тимеле кой дедиби, айтор, Шайлдабекова ордунан жылмышкан жок.
Андан бери 24 ай өтүп кетти. Эми абдан чоң саясий өнөктүктүн алдында турабыз. Кайрадан парламенттик шайлоого карата болгон даярдык бышып жетилди. Калкыбыздын көзгө сайып айткан макалы бар, “Ашууда ат алмаштырбайт”-деген. Анын сыңарындай иштин көзүн билип калган, чала жерлерди жетилтүүгө аракетин чегерген Нуржан айымды эле аягына чейин пайдаланган оң келет. Чамасы муну акылга салган соңөлкөнүн биринчи адамы Борбордук шайлоо комиссиясына камкордук көргөн шекилди. Арийне, бул ирет өтчү шайлоонун шайтан оюндары да көп болору сезилип калды. Ошентсе да бүткүл резервдерди туура калчап, элдин талабына шайкеш иш жүргүзүлсө шайлоонун жыйынтыгы чатагы жок жыйынтыкталаары маалым.
Булак: Ачык сөз