Домой Пайдалуу кеңеш Ашкана сырлары: күрүч, кофе, суу, томат, майонез, кызылча

Ашкана сырлары: күрүч, кофе, суу, томат, майонез, кызылча

1238

томат

Күрүч бышып жаткан сууга бир аш кашык уксус кошуп койсо, күрүч жабышпай жана апакай болуп бышат.

Пирожкинин ичине кошула турган капустаны туурагандан кийин үстүнө адегенде кайнак суу, андан кийин муздак суу куш керек. Суусун сарыктыргандан кийин көмөч казанда кууруп аласыз. Ошондо пирожкинин ичиндеги капуста карарып кетпейт.

Кофе кайнап бүткөн соң ага бир чымчым туз кошуп койсо суусундук жыпар даамданып калат.

Күрүч сууда жабышпай бышышы үчүн аны туз кошулган

Кайнап жаткан сууга салып ага бир тамчы лимон ширесинен кошуп коюш керек. Күрүч кайнап жаткан идиштин бетин жаппайт.

Оозу ачылган томатты узагыраак сакташ үчүн анын капкагына бир аз кургак горчица сүртүп коюу керек.

Кызылча абдан узакта – 3, 3,5 саатта бышарын билебиз. Эгерде аны бир саат кайнатып андан кийин 10 мүнөткө аккан суунун астына коюп койсо кызылча жегенге даяр болот.

Майонездин ордуна каймакка бир жумуртканын майдаланган сарысын жана бир чай кашык горчица кошуп пайдаланса болот.