Домой Спорт Ашхабаддагы Азия оюндарында Кыргызстан 59 медаль топтоду

Ашхабаддагы Азия оюндарында Кыргызстан 59 медаль топтоду

62

buy viagra sydney. 6e7a9c921e8a1526834d56a89e6d5baa

Ашхабад шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандык спортчулардын куржунуна 59 медаль топтолду. Бул туурасында sport.kg билдирет.

Оюндардын расмий сайты күн, мурун 25-сентябрдын кечинде Кыргызстан жеңген медалдар көбөйгөнун маалымдаган.

Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалда түркмөнстандык Ровсен Хабуровду жеңип, жарым финалда сириялык Ибрагим Алхасанды жеңип финалга өткөн. Алтын медаль үчүн беттеште түркмөнстандык Пиги Силабовго туш келип жеңишке жеткен. Натыйжада Авазбек Аманбеков Кыргыздын пайдасына 8-алтын медалды алып келди. Мушкер Алексей Федосеев финалда Алексей Федосеев түркмөнстандык Мухамет Алтыбаев менен кез келип 1:2 эсебинде жеңилип калды. Айсулуу Тыныбекова Ашхабад шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күмүш медалга татыктуу болду. Финалда Айсулуу Кытайдан барган Хингру Пеи менен беттешип, утулуп калган. Дагы бир күмуш медалды Кыргызстанга Автандиль уулу Орозбек алып берди. Мындан сырткары 100 килдик салмактан жогорулар арасында самбо боюнча Максат Мусабаев коло медалга ээ болду. Дагы бир самбист Белек Баракановдо да коло медалды жеңди. Ушул тапта Кыргызстандын курамасы медалдардын саны боюнча 10-орунда бара жатат. Биздин спортчулар 8 алтын, 18 күмүш жана 33 коло сыйлыктарга татышты. Мелдештер эртең, 27-сентябрда аяктайт.