Домой Маек Асхат Акибаев: 260 млн. долларлык брондолгон жолдомолордон баш тартышып…

Асхат Акибаев: 260 млн. долларлык брондолгон жолдомолордон баш тартышып…

116

Асхат Акибаев

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев менен маек.

— Асхат Акибаевич, Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп келгениңизге бир айдан ашып калды. Райондорду кыдырып эл менен кезигип, көйгөйлөрдү жеринде көрүү менен алектенүүдөсүз. Ушул күндөр аралыгында облуста кайсы тармакка көбүрөөк көңүл бөлүнүшү керек? Деги эле алдыдагы иш пландарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Мен үчүн биринчи эле маселе — Көлдүн өнүгүүсү. Ооба, туризм тармагын чоң масштабда өнүктүрүшүбүз керек. Бирок, айыл чарбасында дагы аткарыла турган жумуштар өтө көп. Биз туризм тармагын өнүктүрүү боюнча концепция түзгөнбүз. Андыктан, азыр айыл чарбасын өнүктүрүүдө кандай багытта иш-аракеттерди жүргүзсөк деген жаатта ойлонуп жатабыз. Учурда бул боюнча көп сунуштар түшүүдө. Алдыда Ысык-Көлдүн өзүнүн брендин чыгарышыбыз керек деген ой бар. Көлдүн товары эң сапаттуу жана кымбат товарга айланышы керек. Себеби, биз башка өлкөлөр сыяктуу массалык түрдө айыл чарба товарын өндүрө албайбыз. Андай жерибиз да жок. Өлкөбүздүн 94%ы тоо. Ошондуктан, сапаттуулукка өтүшүбүз зарыл. Дыйкандарыбыз жерге жылыга картошка, буудай айдап келет. Бул өсүмдүктөр бир гектардан 30-40 миң сом пайда алып келет экен. Ошол жерге жемиш бактарын айдасак, 300-400 миң сом берет. Андыктан, кайрак жерлерди бакчаларга өткөрсөк деген ой бар. Мында тамчылатып сугаруу боюнча сууну аз коротуп, натыйжалуу пайдалануу жумуштарын ала кетишибиз керек. Учурда Франция, Польшадан карагат, кулпунай, малина өстүрүү боюнча көп сунуштар түшүп жатат. Аларга атайы питомниктерди курсакпы деп жатабыз. Дары чөптөрдү өстүрүү дагы бир багытыбыз болот.

— Эми быйыл булардын баарынан кечигип калдык да…

— Эч кечиккен жокпуз. Биз азыртан Франциядан түшкөн заявка боюнча питомниктерди уюштурабыз. Быйыл 60 гектарбы, 100 гектарбы, болушунча олтургузуп алсак, эмдиги жылы ошол эле көчөттөр 10 эсе чоңураак аймактарга көчүрүлөт.

Азыр кайда барбайын, бүт бардык жерде көйгөйлөр көтөрүлүүдө. Аны чечүү боюнча сунуш айткандар аз. Жолугушууларда айтып жатабыз, өндүрүшкө басым жасайлы, долбоорлорду сунуштагыла, донорлорду табалы деп. Беш жылдын ичинде Көлдө 38 мектеп салыныптыр. Мындай совет доорунда да болгон эмес. Азыр ар бир айылда жакында салынган жок дегенде бир курулуш бар, ФАП болобу, бала бакчалар, спортзалдар болобу, андыктан, жакшылыкты айта жүрүшүбүз абзел. Жакынкы эле жылдары Көлдөн чума эпидемиясы чыкты деп чуу көтөрдүк. Эпидемия болгондо бир нечелеген мал зыян болуп, бир нече адам набыт болот. Кай бир коңшу өлкөлөрдө бир жылда 20дан ашык жугуштуу оору чыгат экен. Бирок, алар унчукпайт. Бир туура эмес маалымат үчүн ошол жылы 260 млн. доллардык брондолгон жолдомолордон баш тартышты. Кийин кыргыздын баарын эшекти жегич кылдык. Бул туура эмес, мамлекеттик, улуттук ар-намыс маселеси көтөрүлгөндө, өлкөнүн кызыкчылыгы турганда, маалымат таркатууда этият болушубуз керек.

— Сиз негизги демилгечилердин бири болгон “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” быйыл да өткөнү турат. Ал биринчи оюндан эмнеси менен айырмаланат, деги эле, бул чоң иш-чарага даярдыктар кандай?

— Бул кыргыздын рухун көтөрүүчү чоң долбоор болду. Мурдагы жылы ал бир жарым ай даярдык менен өткөн. Ошондо да, биз өтө чоң деңгээлде өткөрдүк. 19 мамлекеттен меймандар келди. Кудай буюрса, быйыл меймандарды 40 өлкөдөн күтүп жатабыз. Өзүңөр билесиңер, быйыл Көлдө андан сырткары да чоң иш-чаралар бар. Көлдө саммиттер өтөт, 5 өлкөнүн президенттери келет деп жатабыз. Андыктан, даярдык жакшы жүрүп жатат. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, жолдор салынууда. Тамчы аэропортунда 15-июнга чейин жарыктандыруу коюлушу керек деген тапшырма келди. Чолпон-Атада ат майдан 9 миллион долларга салынып жатат. Бул акыркы жылдардагы эң чоң курулуш болот. Эмне дегенде, учурда Орто Азияда эл аралык деңгээлде бир дагы ат майдан жок экен. Француздардын жардамы менен эл аралык статус алып калсак, ага арабдар, европалыктар да күлүктөрүн алып келет. “Газпромдун” спорткомплекси салынса, ичинде конференцзалдар, форумзалдар менен салынышы керек. Айтор, бир долбоордун аркасы менен канчалаган обүектилер салынганы турат. Белгилеп коюучу нерсе, бул курулуштардын баары эле бизде калат. Булар кийин өзүн өзү актоочу обүектилер. Алар салынып калса, чоң жарыштар, башка коңшу өлкөлөрдүн масштабдуу иш-чаралары бизде өткөрүлүп калары ажеп эмес. Мына, мурдагы жылы “Көчмөндөр оюндарына” 2 миллион доллар которулду эле, бирок, Туризм департаментинин маалыматы боюнча, ага келген меймандардан 9 миллион 900 миң доллар түшүптүр. Көчмөн десе, чет элдиктер көбүнчө монголдорду элестетчү. Биз “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” өткөргөндө, дүйнө бизди көчмөн катары тааныды десек болот. Себеби, ага дүйнөлүк чоң маалымат каражаттарынан журналисттер келишти.

Андыктан, биз туризм десе эле көлдү элестетпей, туризмдин көп багыттары бар экенин унутпашыбыз кажет. Көлдө кышкы туризмди, медициналык туризмди өнүктүрүш керек. 2014-жылы Кыргызстан беш жылдыздуу мейманканалары жок эле географиялык абалына жараша медициналык туризм боюнча дүйнөдө биринчи орунду алды. Ысык-Көл андан сырткары спортчуларды даярдоонун дүйнөлүк борбору болууга толук шарты бар. Кыргызстандык курортторду дүйнөлүк чоң курорттордун тизмесине киргизүүбүз, ал Түштүк Корея, Израиль, Чехиянын курортторундай таанымал болуусу абзел. Азыр биз муну алдыга милдет катары коюп жатабыз.

— Бостериге чейинки жол жакында бүтөбү?

— Бул жол көчмөндөр оюнуна карата эле салынып жаткан жок. Бул мурдатан пландалган Көлдүн шакекче жолун бүтүрүү планына кирет. Ал андан ары да уланат. Мында биринчи этап — Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолу, экинчи этабы -Тамчы-Балыкчы болот. Андан кийин 2017-2018-жылдары шакек жолу бүтөт деген пландар бар. Мындан сырткары, эң чоң трансмагистраль жолдор салынып жатат. Исфана-Ош-Жалал-Абад-Балыкчы жолу салынууда. Балыкчы-Кытай темир жолу сыяктуу чоң программалар башталды.

— Асхат Акибаевич, сезон учурунда Көлдө баалар көтөрүлүп кетет деген дооматтар көп айтылат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

— Бизде кымбат пансионаттар бар. Эң жакшы дегендер күнүнө 100-150 долларга чейин алат. Көбү дарылануусу, тамаш-ашы, жаткан жери менен 30 доллардын тегерегинде. Алар кышкы убакта 20 долларга түшөт. Көлдө күнүнө 100-200 сомдон баштап 100-150 долларга чейинки баалар сунушталат. Кай бирлер ошол кымбат пансионаттарды көрүп алып, баалар кымбат деп айтышат. Бул туура эмес. Биз көлгө миллиондогон кишилерди алып келе албайбыз. Анын өзүнүн мүмкүнчүлүгү бар. Андыктан, биз сервисти жакшыртып туруп, туристтерди болушунча кымбат баада кабыл алганыбыз туура.

— Туристтер келсин деп эле жатпайбызбы. Бирок, Көлдү сактап калуу маселеси көбүнчө унутта калгандай сезилет.

— Туура. Азыр биз Көлдү сактап калуу маселесин биринчи орунга коюшубуз керек. 1972-жылы моторлуу кайыктар көлдө жүрүүгө тыюу салынсын деген токтом чыккан экен. Эми азыр көл үстүндө канча браконьерлер жүрөт. Канчалаган торлор көл түбүндө жатат. Биз алдыда Жаратылышты коргоо фондунун жардамы менен аларды тазалоону уюштуралы деп жатабыз. Суучулдар эс алуу жайларын текшергенде, ар биринде 10-20 тонна таштанды жатканын айтат. Ошонун көбү желим бөтөлкөлөр, желим баштыктар. Алар миң жылдап чирибейт экен. Эс алуу жайларда канчалаган скутерлер жүрөт. Алардын экологияга зыян көп келтирбегени бар. Арасында бензин чачканы бар. Мурда көлдүн жээгинде ажатканалар жок, көл булганууда деген маселе көтөрүлуп келсе, азыр ага көл күйүүчү май менен булганып жатат деген көйгөй кошулуп жатат. Андыктан, көлдө көп нерсени токтотуш керек. Балык кармоону токтотуудан баштап, саркынды сууларды тазалоочу жайларды эл аралык стандартка ылайыктап жасоону колго алуу жагын карап жатабыз. Бул боюнча жалпы шакекче системасын ойлонуп чыгышыбыз керек. Жөн эле мисал, биз көлдүн жергиликтүү чабагын жоготуп алдык. Бул көл үчүн өтө чоң көйгөй. Эгер көлгө аяр мамиле кылбасак, кийин көлдүн өзүн да жоготуп алышыбыз ыктымал. Советтик мезгилде көлдүн жээгинде саналуу эле эс алуу жайлар болсо, азыр менчик курулуштар көбөйдү. Мурда көлдүн табигый сулуулугу көрүнбөй калат деп бак да олтургузулчу эмес. Биз азыр жаштарды чогултуп, көлдү сактоо, облусубузду өнүктүрүү боюнча чоң-чоң презентацияларды көргөзөлү деп жатабыз. Биз кичине өлкөбүз, андыктан, бизде чоң амбиция болушу кажет.

Маектешкен Жумагүл БАРКТАБАСОВА